“Республика” фракциясында өзүн ортон колдой сезген бир депутаты бар Кенжебек Бокоев деген. Өзүм дегенде тимеле өгүздөй өкүрөңдөп жиберет, шумдугуң кургур. Өткөндө баш бакандын орун басары Алтынай Өмүрбекованы мэрликке кудалап айгайлап добуш салды эле аны колдоп жибергендер өз үйүрүнөн дароо табылды. Мейли, Алтынайда маселе жок, азыркы “арабасын” эптеп алганы дурус го? Мыкты болсо мойнуна жүктөлгөн иштин майын чыгарып, ушинтип иштесе болот деп башкаларга үлгү көрсөтсүн. Бирок, азырынча мактоого аларлык кадамдарын көрө элекпиз.
Негизи үлкөн кызматы бар чиновникти пиарлоонун эмне кажети бар деген суроонун артында бир нерсе кылтыйып жаткандай. Чамасы аны көтөрмөлөп туруп, башка бирөөсүн орун басарлыкка түртмөкчү болуп жатышкандыр деген ой кетет. Тилекке каршы андай кыялдар ишке ашпай калды окшойт. А. Өмүрбекова да ишеним көрсөткөндөргө узун ыраазылыгын билдирди. Ким билет, эгерде мурдагы лидери ат үстүндө болгондо оозунан чыккан сөз ысыгы тарай электе аткарылмак. Ындыны өчкөн Бокоев дагы эмнени ойлоп табаары табышмак…
Булак: “Ачык сөз”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ