Menu

Урматтуу министр, сиз үчүн адам өмүрү “оюнчукпу”?

Бөлүшүү:

1-августта гемодиализ кызматын алган бейтаптар тендердин жыйынтыгына нааразы болуп Саламаттыкты сактоо министрликтин имаратынын алдына чогулушту. Алар аталган мини­стирлик жүргүз­гөн тендерде утуп чыккан “Репоэтин” каражатын колдонуу­дан кооптонуп жатышканын билдиришүүдө. Себеби, бейтаптар буга чей­ин колдонуп ушуга окшош “Репретин” каражатынан улам бейтаптардын абалы начарлап кеткенин жүйө келтирип жатышат. Анан калса буга чейин айрым илимпоздор «“Репретин”деген анык дары катары илимий изилдөөдөн өткөн эмес» деген бүтүм чыгарышкан. Бөйрөк оорусунан жана рактан жабырка­ган адамдардын саламаттыгын колдош үчүн сайыл­чу бул дарынын сапаты жана тийгизген таасири боюнча буга чейин да күмөн ойлорду, ар кандай талаш-тартыштарды жаратып келген.

Ушундай нааразычылыктардан кийин гана Саламаттык сактоо министрлиги бөйрөк оору­луу бейтаптар үчүн дары-дармек каражаттарын сатып алуу боюнча өткөн тендердин жыйынты­гын кайра текшерип чыкмай болду. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.

Булак: «Айгай-пресс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: