Menu

Роза Отунбаева Салянова боюнча Президентке кайрылды

Бөлүшүү:

Экс-президент Роза Отунбаева президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жасады. Кайрылууда президенттен экс-башкы прокурор, Жогорку Кеңеш депутаты Аида Салянованын сотуна көз салып, карап чыгууга чакырган.

«Урматтуу Сооронбай Шарипович! Революциядан кийин оор кырдаалдарда өлкөнү турукташтыруу, мыйзамдуулукту калыбына келтирүү, каргашалуу Ош коогалаңынын кесепеттерин жоюу, элдин бийликке болгон ишенимин кайрадан жаратуу сыяктуу орчундуу иштерди Сиз менен бирге аткардык. Ошол учурдагы биргелешкен аракетибиз дагы бир багытта болгонунун натыйжасында өлкөдө тынчтык орноп, улуттар аралык ынтымак бекемделип, социалдык жана экономикалык өнүгүүгө жол ачылды. Бул ийгиликтерге облустун жетекчиси, кийин өкмөт башчысы катары сиздин салым орчундуу. Өткөн жылкы шайлоодо дагы шайлоочулардын добушунун көпчүлүгү сизди колдоп бергени кокусунан эмес, эл акылы жетик, сабырдуу, турмуштук тажрыйбасы мол инсанды тандады деп терең ишенем.

Менин сизге кайрылып жатканым да ошол акыйкаттык, адилеттик, калыстык маселеси. Жогорку Кеңештин депутаты, мурдагы Башкы Аида Жеңишбековна Салянованын үстүнөн болуп жаткан, учурда эң чоң коомдук резонанс жараткан сот процессине көңүл бурууга, тереңирек маани берүүгө сизди чакырат элем.

Урматтуу Сооронбай Шарипович, Жогорку Кеңеш депутаты, мурдагы башкы прокурор А.Саляновага тагылып жаткан айыптарды, учурда болуп жаткан сот процесстеринин жагдайларын объективдүү жана терең иликтөөнү өзүңүздөн Аппараттын жаңы кызматкерлерине тапшырууну сизден өтүнөм.

Аида Салянованын ишинде принципиалдуулукту, мыйзамдуулукту жана акыйкаттыкты камсыз кылуу менен сиз өлкөдө чоң кыймылды баштай аласыз, жүздөгөн судьяларга жол көрсөтөсүз, аларга сот акыйкаттыгын бузбай иштөөгө дагы бир мүмкүнчүлүк бересиз. Мындай чоң иштин башында турууга сиздин эркиңиз жетерине ишенем”,-деп жазган Кыргызстандын 3-президенти Роза Отунбаева.

Депутат Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») менен 2010-жылы юстиция министринин милдетин аткарып турганда «мурдагы президенттин уулу Максим Бакиевдин өнөктөшү Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан жана бул ишти жетиштүү иликтеген эмес» деп айыпталууда.

Бишкектин Ленин райондук соту былтыр 10-октябрда аны беш жылга эркинен ажыратуу жана үй-мүлкүн конфискациялоо тууралуу чечим чыгарган. Салянова өз жазасын үч жашар кызы 14 жашка толгондон кийин өтөй турган болгон. Буга макул болбогон депутат доо арыз менен Бишкек шаардык сотуна даттанган.

 

 

Источник: Govori.tv

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: