Menu

Бозгунда жүргөн саясатчы Мелис Мырзакматов кыргыз элин жаңы жыл майрамы менен куттуктады

Бөлүшүү:

Жаңы жыл жакшылыктын жарчысы болсун!
Кымбаттуу мекендештерим!
Ошентип, кайрадан жыл жаңырар маалга аман-эсен келип жеттик. Өмүрдүн он эки айдан турган дагы бир көз ирмемин артта калтырып, босогодо турган жаңы жыл – Чычкан жылын, салт боюнча, жаңы максат, жаркын үмүттөр менен тосуп алганы турабыз. Уюткулуу элибиздин “Жакшы тилек – жарым ырыс” деген улуу баалуулугу бар. Жаңы жыл менен эски жылды жалгаштырган ушул мүнөттөрдө, ак дил, аруу сезимден чыккан куттуктоо жана каалоо-тилектеримди кадырман журтума жолдоюн дедим.
Урматтуу агайын-туугандар!
Табиятынан кең пейил жана акылман элибиз келе жаткан 2020-жылда өлкөбүздө ырыскы менен ынтымак, оомат менен дөөлөт, тынччылык менен токчулук өкүм сүрүшүн Жараткандан тилеп, эски жылды каниет жана шүгүрчүлүк кылуу сезими менен узатып жатат. Элибиздин тилеги орундап, ааламдын бермети аталган Ала-Тообузда ар дайым бейпил турмуш, ал эми ак калпакчан элибизде биримдик, ынтымактык болсун. Өлкөбүз айттырбай келчү ар кандай алаамат, кырсыктардан сырткары болсун.
Азыркы жаңы технологиянын заманында дүйнө бир орунда турбай, мүнөт сайын өнүгүү, өркүндөө жолунда бара жатат. Мындай өнүгүү шарданынан Кыргызстаныбыз да четте калбай, алдыдагы жылдарда баардык тармактар боюнча заманбап ийгиликтерге жетишерибизге ишенели. Жаңырган Чычкан жылында элибизден чыккан таланттуу өнөрпоздор, билимдүү жаштар дүйнөнү таң калтырган бийиктиктерди багынтышын чын жүрөгүмдөн каалайм! Келе жаткан жаңы жылда кыргыз мамлекети менен элибизде экономикалык ири долбоорлор ишке ашып, калкыбыздын кирешеси өсүп, ар бирибиз үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн түзүлөөрүнө ишеним чоң.
Кадырман калкым!
Жаңы жыл майрамы – баарыбыз үчүн өзгөчө шаңдуу, сүймөнчүк майрам. Мына ошол баарыбыз толкундануу менен күткөн майрам-шаңда ар бирибиздин үй-бүлөбүздө жаркын маанай, жайдары жашоо жана бакубат турмуш болсун! Асманыбыз ачык, түндүгүбүз бекем болуп, туубуз көк тиреп турсун! Жаңы жыл өлкөбүз, жумурай журтубуз үчүн жакшылыктардын гана жарчысы болсун!
Урматтоо менен уулуңар
Мелис МЫРЗАКМАТОВ, “Улуттар Биримдиги” элдик партиясынын төрагасы.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 30 − 25 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: