Menu

Депутат Жылдыз Мусабекова байлыгына чиренген “байкуш” депутаттар тууралуу ачуу чындыкты айтты

Бөлүшүү:

“Депутат деген жупуну болуш керек, элге жакын болуш керек” деп сайрап жатышат. Айла жок күлөсүң. Жупунулугуна…

Тепкен машиналары 500 миң долларлык. Элге жакын экени канчалык деңгээлде билбейм, бирок, элди жөн койдук, палатада биз менен учурашышпайт. Керсейишет тим эле, бүт дүйнөнү алаканына салып алгансып… Жан сактагычтары, кабинеттериндеги 3-4төн жардамчылары аарыдай ызылдашат. Ар бир суроого жооп жазышат, анан алардын жазгандарын шефтери кагаздан эжелеп окуп беришет. “Машина, жардамчы, квартирадан баш тарталы, элге убада бергенбиз уят” деп жатышат. А эмнеге Кыргызстанды ичип-жеп, тоноп байып жатышканда уялышкан эмес? Тепкен машиналары, көз тайгылткан укмуштуудай шөкөттөлгөн үйлөрүнөн, сансыз байлыктары бар экенинен уялышпайт? Мына азыр популизм менен алектенип жаткан депутаттардын анык жүзү. Элдин чөнтөгүн да өз чөнтөктөрү менен салыштырып алышкан. Алардын чөнтөгүндө күнүгө он миң доллар болсо башка депутаттардын да чөнтөгү ошондой деп ойлошот. Ушуга чейин Кыргызстанды тоноп, ичип, жеп байышса башкаларды да ошондой деп ойлошот. Уялышат, эл алдында кичипейил боло калышат, бети шалтактаган баланы баса калып өбүшөт. А чыныгы жашоодо кудайдын амириндей, асмандан түшкөндөй эле керкейишет.

Бир жумадан бери көптөгөн суроолорду личкама жаадырышты. Айттым, жооп жаздым, дагы айтып, дагы жазайын. Мен энемдин курсагынан жыпжылаңач түшкөм, оо дүйнөгө да жыпжылаңач кетээримди билем. Болгону он алты метр бөзгө оролуп, боз топуракка көмүлөбүз. Ошо боз топуракка тоёбуз. Жыйган терген дүйнөңдү, керек болсо машинаңды да тээп кете албайсың. Мен эле эмес сиз, сен, ал дагы. Турмуш ушундай. Депутат болгонума сегиз айдын жүзү болду. Өз үйүмдө, алтындай «Ак Өргөдө» эл арасында, баа-аягы кошуналарым менен жашап, баа-аягы эле машинемди тээп жүрөм. Эч кимден эч нерсе сураган жокмун. Депутаттык квартирада жашабайм, кереги да жок.

Бирок бир суроом бар сиздерге, ошо “жупуну” жашаган депутаттарыңар кол тийбестиктен баш тарта алабы? Сиздер машина, квартира деп майда-чүйдөгө алданбай Жогорку Кеңештен “Сиздер Туркия мамлекети сыяктуу кол тийбестиктен баш тарткыла, майда-чүйдө мыйзам жазбай, кол тийбестиктен баш тарталы деп мыйзам жазгыла” деп талап кылып көрсөңөр, ошондо бу бечаралардын анык жүзүн көрөсүңөр. Сиздер колдоп жаткан 500-700 миң долларлуу машина тепкен, особняктарда жашаган, Кыргызстанда эмес чет өлкөлөрдө завод-фабрикалары бар, сансыз байлыктарды ээси болгон “жупуну” депутаттар не дээр экен. Алар байлыгын коргоп, өткөн-кеткен кылмыш ишинен жүрөгү түшүп, “абийирим ачылып калбасын” деп аллалары оозунан түшүп отурушат. “Кол тийбестиктен баш тарткыла!” деп чооң, глобалдуу суроо, талап койгула, майдаланбай, ошондо көрөсүңөр.

Жеке мага кол тийбестиктин кереги жок, миллион долларга аргымак албайм, куу чиренденбейм. Жаке досум айтмакчы башкарма эмес “карапайым комбайнчынын кызымын”. 45 жашка чыгып-чыкпай каза болсо да атам дан бышкан сары талаада мандай-терин төгө иштеп, бизди ак эмгеги менен баккан. Ошо аз жашаса да саз жашаган комбайнчы атам менен анан мени багып-чоңойткон, кат-сабаты жоюлбаган апам менен сыймыктанам. Өткөн өмүрүмдү жасалма кылып өзгөрткүм, “баландай-түкүндөй” деп мактангым келбейт. Мен тоонун эркин кызымын… Анын үстүнө кыргыз элим үчүн кымындай жамандык жасаган эмесмин… Уйкум тынч, корко турган эч нерсем жок.

Р.S. А мени болсо депутат болгондон бери шыбап, өкүрүп-бакырып, чачын жулуп бүтө албай жаткан досторума болсо айтаарым ичиңер күйсө туз жалагыла! Не десеңер да пыш деген жокмун. Силердин туз куйгандай ачышкан ичиңерге гана боорум ооруйт!!! Эми буга чейин адам болбогон соң мындан нары да боло албайсыңар. Силердин шыбагыңар ан сайын мени чыйралтат…

Жылдыз Мусабекова, Жогорку Кеңештин депутаты

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 41 + = 45

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: