Menu

Үй бүлөөлүк зомбулукка каршы багытталган долбоорду талкулоо болуп өттү

Бөлүшүү:

30-июнь күнү Soluxe мейманканасында “Үй бүлөөлүк зомбулуктан коргоо жана сактоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамын ички иштер органынын тутумунда иш-жүзүнө ашыруу боюнча долборду талкулоо тегерек стол үстүндө өттү. Бул туурасында КР ИИМдин Басма сөз кызматы билдирет.

Бул иш-чарага мамлекеттик органдардын, жарандардын коомдук уюмдарынын, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты. Аталган документтин бет ачырына ИИМдин кеңешчиси А. Осмонова, БУУнун КР Элдик зомбулук чөйрөсүндөгү фондтун аткаруучу өкүлү М. Өмүрзаков, “Демократиялык жүрүштү изилдөө борбору” коомдук фондунун башкаруучу төрагасы Л. Илибезова катышты. А. Осмонова “Коргоого уруксат берилген документтерди тастыктоо жөнүндө” КР Өкмөтүнүн токтомунун долбоорун иш-чаранын катышуучуларына таныштырып өттү. ИИМдин Коомдук коопсуздугунун башкы башкармалыгынын бөлүм башчысы А. Абдырахманов үй бүлөөлүк зомбулукта эскертүү берүү жана кесип өтүүнү ички иштер органынын ишмердүүлүгүндө уюштуруу долбоорун сунуштады. Иш-чаранын жыйынтыгында тегерек столдун катышуучулары жумушчу топко суроолорду берүү аркылуу берген сунуштары долбоордун жыйынтыктоочу оңдолуусунда милдеттүү түрдө эске алынат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 12 − = 7

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: