Menu

Коомдук уюм Бишкек мэрин шайлоонун тартибине каршы чыкты

Бөлүшүү:

«Биздин укук» коомдук фонду Бишкек мэрин шайлоону жокко чыгарууну өтүнүп премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге, Борбордук жана шаардык шайлоо комиссиясына кайрылды. Фонддун жетекчиси Калича Умуралиеванын «Азаттыкка» айтканына караганда, мэр аттандаштыктын негизинде шайланышы керек.

– Азыркы өтүп жаткан шайлоо мыйзамга ылайык келбейт. Бул жерде бир гана талапкер болуп жатат. Бул шайлоо эмес, дайындоо болуп жатат. Ошондуктан бул шайлоону жокко чыгарып, жаңы шайлоо күнү дайындалышы керек. Мэр тандоо атаандаштыктын негизинде, ачык өтүшү керек.

Умуралиева мэрликке курулуш тармагында алектенген адамдын келиши туура эмес деп эсептейт.

Бишкек шаарынын мэрлигине талапкер Азиз Суракматов баш калаанын борбордук бөлүгүнө көп кабаттуу имараттарды, коммерциялык объектилерди куруу менен алектенеген “Елизавета” курулуш компаниясына тиешеси бар экенин 31-июлда кыргыз тилинен сынак тапшырып чыккан соң журналисттердин суроосуна жооп берип жатып билдирген.

Суракматов жалгыз талапкер болууда. Мэрди шайлоо 8-августка белгиленген.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 57 − 56 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: