–Азиз Суракматовдун Бишкек шаарынын мэрлигине талапкерлиги көрсөтүлүп жатышы туура тандоо болду. Мен бул жигит менен парламенттин V чакырылышында 5 жыл бою чогуу иштешип көп бизнесмен депутаттардан өзгөчөлөнгөн жакшы жактарын байкагам. Ашыкча жулунбаган, абдан токтоо мырза. Ар бир ишти ойлонуп натыйжасы менен жасаган мамлекеттик кызмат менен бизнести айрымалаган, башкача айтканда аралаштырбаган, барга көппөгөн, жокко чөкпөгөн, токпейил эмгекчил анан адамгерчиликтүү жигит. Мурдагы шаардык кеңештин төрагасы катары шаардын чечилбеген маселелери инфраструктурасы жөнүндө аны чечүүнүн жолдору боюнча дагы тажрыйбасы мол. Ошондуктан кыйналбастан ишти шар тартып кетет деген ишеним бар. Социалдык тармактагы келбетине асылып жазгандарды туура эмес деп эсептейм. Эч бир мыйзамда: “Бишкек шаарынын мэри сулуу болсун” деген жазуу жок. Анын үстүнө ал кечээ тил боюнча сынак тапшырып жатып башка мэрлердей болуп эч нерсем жок деп айткан жок. “Ооба, курулуш тармагында ишканам бар. Аны эч кимге өткөрүп да бербейм. Иши токтойт” деп ачык эле айтты. Байлыгын жашырып жаап, өзүн бечара көрсөткөн мурдагы мэрдин байлыгын санап бүтө албай жатпайбызбы! Азиз алдым-жуттуму жок, курсагы ток, өз оокаты жетиштүү анан эӊ негизгиси чарбаны мыкты билген чарбанын адамы. Ишкер адамдар шаарга мэр болуп келбесин деп чыгышты. Ишкер Нариман Түлеев шаар үчүн кандай мыкты иштерди жасаганын билебиз. Азыркыга чейин айтылып жүрбөйбү. Демек ар бир мэрдин кайдан келгени маанилүү эмес, иш алып барганы маанилүү.
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ