Menu

Орусияда америкалык «зыяндуу» бейөкмөт уюмдарды жоюу механизми даярдалууда

Бөлүшүү:

Орусиянын Юстиция министрлиги АКШ каржылаган коммерциялык уюмдарды жоюунун механизмдерин даярдоодо. Бийликтин пикиринде, алар Орусияга зыян келтирүүдө.

Тиешелүү документтин долбоору нормативдик актылардын расмий порталына жарыяланды. Ага ылайык, уюмду аткаруу бийлиги, федералдык көзөмөл жана прокуратура органдарынан алынган маалыматтардын негизинде «зыяндуу» деп табууга болот. Мыйзам коомдук талкууда 14-августка чейин болот.

«Агора» укук коргоо уюмунун башчысы Павел Чиков «Ведомости» басылмасына берген маегинде «зыяндуу» уюмдарды жоюу тууралуу мыйзам 2012-жылы эле кабыл алынганын, бирок бүгүнкү күнгө чейин бир дагы жолу колдонулбаганын белгиледи.

Уюмдун адвокаты Рамил Ахметгалиевдин божомолунда, жаңы мыйзам АКШда Марина Бутинанын камалгандыгы үчүн Вашингтонго каршы демонстрациялык акция болушу мүмкүн. Бутина Кошмо Штаттарда Орусиянын кызыкчылыктарын мыйзамсыз сүрөөнгө алган деп айыпталууда.​

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 64 − = 59

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: