Menu

Фото – Вице-спикер Аида Касымалиева менен депутат Сагындык Келдибаев Өзгөн районунун бир катар айылдарында эл менен жолугушууларды өткөрүүдө

Бөлүшүү:

Бүгүн, 4-ноябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Төрагасынын орун басары Аида Касымалиева менен депутат Сагындык Келдибаев Ош облусунун Өзгөн районундагы шайлоочулар менен жолугушуп жүрөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Алгач эл өкүлдөрү Жалпак-Таш айыл өкмөтүндөгү Кысык-Алма айылына барып, жергиликтүү тургундар менен жолугушуп, алардын койгон маселелерин угушту. Жергиликтүү эл айылдын авто жолуна бир кат асфальт төшөлгөнүн айтып, эми бул жолдун мөөнөтүнөн мурда керектен чыкпашы үчүн дагы бир кат асфальт төшөө зарылдыгын, ага 11 млн сом керектигин эл өкүлүнүн астына коюшту. Алардын талабы бул 1 км 200 метр жолду келерки жылдын бюджетине киргизүү болду.

Жолугушууда мындан сырткары, бир катар социалдык маселелерди угушкан соӊ, Курбу-Таш айылындагы көпүрөнүн абалы менен таанышты. 2017-жылы сел каптап жол, аталган көпүрө жарактан чыгып калган. Ага мамлекеттен 100 млн сом бөлүнгөн. Көпүрө ашар жолу менен дагы салынгандыктан, эми жаан-чачын көп жаачу болсо, иштен чыгуу коркунучу жаралууда.

Эл өкүлү Аида Касымалиева элдин койгон талаптарын мамлекет колдон келишинче көзөмөлгө алып жатканын белгилеп, шайлоочуларынын көйгөйлөрүн, таанышып чыккан көпүрө маселесин КР Өкмөтүнүн тиешелүү өкүлдөрүнө тапшырды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 15 − 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: