Кечээ, 5-августта Кыргызстандагы эң чоң Токтогул ГЭСинде жогорку категориядагы авария болду. Токтогул ГЭСинин N1-гидроагрегатынын N1-трансформатору иштен чыкты.
Азыркы учурда Токтогул ГЭСинин N1-гидроагрегаты электрэнергиясын иштеп чыгара албай токтоп турат.
Кечээ эле, 4-августта КР Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарында Токтогул ГЭСинин модернизациясы менен таанышкан.
КР Энергетика, өнөр жай жана кен байлыктары боюнча мамлекеттик комитеттин, Улуттук энергохолдингдин, Эко-техникалык инспекциянын жана “Электр станциялары” АККнын жетекчилери Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге Токтогул ГЭСинин модернизациясын ийгиликтүү аяктадык деп ишендиришкен.
Андан эки күн өтпөй, бүгүн, 6-августта премьер-министр ошол эле энерготармактын жетекчилерин кайра жыйнап алып, авариянын себептерин тезинен тактоо жана Токтогул ГЭСинин N1-гидроагрегатын калыбына келтирүү боюнча катуу тапшырма бергенин биздин жеке булактар билдирди.
Кыргызстандын эң стратегиялуу энергетикалык объекти – Токтогул ГЭСин модернизациялоо долбоорунун 1-фазасы аяктары менен башка да блоктук трансформаторлордун жарылып кетүү коркунучтары пайда болду.
Эң башкысы Токтогул ГЭСин модернизациялоо долбоору Бишкек ТЭЦин модернизациялоо долбоору сыяктуу аяктабаса экен.
Расул Умбеталиев, Отун-энергетика комплекси боюнча эксперт
Редакциядан: 1-август күнү биз Токтогул ГЭСинде авария болуу коркунучу түзүлдү деп эскертип жазсак, энергосектордун өкүлдөрү 3-августта андай коркунуч жок деп билдирүү тараткан.
Булак: Кyrgyztoday.кg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ