Menu

Аламүдүн районунда улгайган аялга бычак такап, акча жана зер буюмдарын уурдоого шектелген жаран кармалды

Бөлүшүү:

Аламүдүн районунда 70 жаштагы аялды карактоого шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББдин басма сөз кызматы бүгүн, 24-февраль күнү билдирди.

Алардын айтымында, өткөн жума, 18-февраль күнү Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүгүнө телефон чалуу болуп, Аламүдүн айылындагы үйлөрдүн бирине беткапчан адам каракчылык жасаганы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Бул маалыматтын негизинде Аламүдүн районунун ИИБдүн ыкчам тергөө тобу дароо окуя болгон жерге чыгышып, териштирүү иштерин иштерин жүргүзүү учурунда окуя кандай болгону аныкталган.

70 жаштагы жашоочунун үйүнө бейтааныш беткапчан адам кирип улгайган аялга бычак такап, кокутуп анын акча каражатын жана зер буюмдарын алып окуя болгон жерден из жашырып кеткени маалым болгон.

Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине КРнын Жазык кодексинин 202-беренеси (Каракчылык) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Катталган кылмыштын бетин ачуу үчүн тергөө кызматы тарабынан тиешелүү кызматтарга тапшырмалар берилген.

Жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында жогорудагы каракчылыкка шектелип, 37 жаштагы Бишкек шаарынын жашоочусу А.С. аттуу жаран кармалган. Алдын ала маалымат боюнча, кармалган жаран буга чейин жабырлануучунун үйүн сатып алуучу кардар катары кирип, үйдө улгайган аял баласы менен жашаарын жана баласы көбүнчө жумуштар менен үйүнө турбаганын билген.

Кармалган жаран Бишкектеги тергөө абагына камакка алынып, учурда сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: