Menu

Өзбекстанда чакыруу менен барган тез жардам кызматынын дарыгери сабалды

Бөлүшүү:

Фергана облусунун Алтыарык районундагы Полосон айылынын тургуну чакыруу менен барган тез жардам кызматынын дарыгерин катуу сабаган.

Өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, 3-августта райондук тез жардам кызматына Полосон айылынын тургунунан чакыруу болгон. Чакырууга айылдагы үй-бүлөлүк бейтапканын дарыгери Шухратбек Сирожиддинов менен медайым Умидахон Хусанова 4 мүнөттүн ичинде барышкан. Бейтапты көрүү үчүн үйгө кирип бараткан дарыгерди үй ээсинин небереси кемсинтип, сабап салган. Ал алган жараатынан эс-учун жоготуп жыгылган. Ошол маалда медайым үйгө кирип, бейтап каза болуп калганын көргөн.

Шухратбек Сирожиддинов оор абалда тез жардам унаасы менен райондук ооруканага жеткирилген. Дарыгерлер анын абалын оор деп баалашып, ооруканада дарылоону улантууну сунушташкан.

Саламаттык сактоо министрлиги бул окуя боюнча мыйзамдуу чараларды көрүү өтүнүчү менен Фергана облусунун укук коргоо органдарына кайрылды.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 11 − = 9

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: