Menu

Казакстанда төрт активисттин камактагы мөөнөтү узартылды

Бөлүшүү:

Алматы шаарынын тергөө соту төрт активисттин камактагы мөөнөтүн дагы бир айга узартты. Бул тууралуу адвокаттар билдиришти.

Алардын айтымында, 37 жаштагы Кайрат Клышев 30-январга чейин, 47 жаштагы Асхат Жексебаев 22-январга чейин, 48 жаштагы Абай Бегимбетов 23-январга чейин жана 55 жаштагы Ноян Рахимжанов 29-январга чейин Алматыдагы тергөө абагында камакта болушат.

Жексебав, Бегимбетов жана Клышев өлкөдө тыюу салынган «Көше партиясынын» ишмердүүлүгүнө катышкан деген шек менен быйыл августта кармалышкан. Рахимжанов эки айдан кийин — 29-октябрда «Тыюу салынган уюмдун ишмердүүлүгүнө катышуу» жана «Экстремисттик топ түзүү» беренелери боюнча шектелип кармалган. Ошол эле күнү тергөөчү Клышев, Жексебаев жана Бегимбетов да «экстремисттик топ түзүүгө» шек саналып жатканын билдирген. Бул беренеде күнөөлүү адамды 10 жылдан 17 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.

Асхат Жексебаев менен Кайрат Клышев нааразылык акцияларга катышканы үчүн быйыл эле беш жолудан административдик жазага тартылышкан. Абай Бегимбетов менен Ноян Рахимжанов да каршылык акцияларга чыгып жүргөнү менен белгилүү. Рахимжанов быйыл эки жолу административдик камакка алынса, Бегимбаев 18-июнда Алматыда өткөн жүрүшкө катышкандан кийин айып пул төлөгөн.

Казакстандык укук коргоочулардын маалыматына караганда, бүгүнкү күндө тыюу салынган «Казакстандын демократиялык кыймылы» менен «Көше партиясынын» ишмердүүлүгүнө катышуу жана экстремисттик топ түзүү айыптары менен өлкөдө 110дон ашык кишиге карата тергөө иштери жүрүүдө.

Бозгунда жүргөн казакстандык саясатчы Мухтар Аблязов негиздеген «Казакстандын демократиялык кыймылынын» ишмердүүлүгүнө 2018-жылы, «Көше партиясына» быйыл май айында тыюу салынган. Сот аларды «экстремисттик уюм» деп тапкан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 32 = 37

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: