20-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттары мектеп окуучулары менен жолукканда, №87 мектептин окуучу кызы мектепте 2700 окуучу бар экенин, аларды жалгыз медайым караганын айтып, ийне сайганы үчүн акча алганын айткан.
Орто мектептин директору Жаңыл Муталипова кыздын сөздөрүн четке какты:
“№14 үй-бүлөлүк медицина борборунун башкы врачынын орун басары Гүлнара Жумадилова ийне сайгандыгы үчүн акча алынбашын көзөмөлдөп келген. Биздин мектепте окуган кыз өзү ийне алган эмес. Акыркы ирет окуучуларга 2019-жылдын сентябрь-октябрь айында ийне сайылган”, – дейт директор.
Бирок врач Жумадилова өзү медайым окуучулардан акча алганын тастыктаган. Анын айтымында, 18 окуучуга ийне жетпей калып, медайым алардан 5 сомдон алганга аргасыз болгон. Жогорку Кеңеште окуучу кыздын айтканы боюнча медайымга сөгүш жарыяланган, ошондон кийин медайым жумуштан кеткенге арыз жазган.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ