Ысык-Көлдө дайынсыз жоголгон эже-сиңди аман-эсен табылды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, учурда Аделя жана Мырзайым Сапарахунова мыйзамдуу өкүлдөр менен бирге милиция бөлүмүндө, үйдөн чыгып кетүүнүн себептери жана шарттары аныкталууда.
Каракол шаардык ички иштер башкармалыгы жашы жете элек кыдарын жүргөн жерин аныктоого катышкан бардык жарандарга ыраазычылык билдирет.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ