Menu

Япониянын Кыргызстандагы элчиси Ёсихиро Ямамура Жалал-Абадда медициналык жабдуулардын гранттык сертификатын тапшырды

Бөлүшүү:

 

Бүгүн, 13-мартта КРнын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев жана Япониянын Кыргызстандагы атайын жана толук ыйгарымдуу элчиси Ёсихиро Ямамура мырза Жалал-Абад облустук репродукция борборуна Япон Өкмөтүнүн “Чөптүн тамыры жана адамзат коопсуздугу” грант программасынын алкагындагы медициналык жабдууларды тапшыруу иш-чарасына катышты. Бул салтанаттуу иш-чарага облусттук саламаттыкты сактоо мекемелеринин жетекчилери жана облусттук репродукция борборунун ак халатчан дарыгерлери катышты. Бул туурасында ыйгарым укуктуу өкүлдүн басма сөз катчысы билдирди.

–    Акыркы жылдары Кыргызстан менен Япония өлкөлөрүнүн ортосундагы социалдык-экономикалык жана маданий кызматташуулар бир топ жогорку деңгээлге көтөрүлдү. Бүгүнкү салтанаттуу иш чара дагы анын айкын бир көрүнүшү десем жаңылбаймын. Япония Өкмөтү тарабынан сунушталып жаткан өнүктүрүү долбоорлору үчүн каржылык максаттуу жардам берүү программасы негизинен өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн ар кандай керектөөлөрүн канааттандырууга багытталган.

“Чөптүн тамыры жана адамзат коопсуздугу” гранттык программасы негизинен өнүктүрүү долбоорлоруна абдан ийкемдүү келип, кыска убакыттын аралыгында конкреттүү көмөк көрсөтө алгандыктан жогорку баага арзып олтурат. Алсак, 1996-жылдан бери Япония Өкмөтү тарабынан Кыргызстанда 9 млн. 64 миң 900 АКШ долларын түзгөн 133 долбоор жактырылып, алар ийгиликтүү ишке ашырылды. Ошол аткарылган долбоорлордун ичинен Жалал-Абад облусу боюнча 2011- жылы 2 долбоор, 2012-жылы 1 долбоор ийгиликтүү турмушка ашырылган. Ал эми 2015-жылы саламаттыкты сактоо тармагындагы 2 долбоорду – ушул Жалал-Абад шаарындагы облусттук репродукция борбору жана Ноокен райондук аймактык ооруканасы утуп алышкан.

Жалал-Абад облусттук репродукция борбору 2016-жылы 84 925 АКШ долларына барабар келген медициналык акыркы үлгүдөгү  жабдууларды: “Тoshiba” маркасындагы доплери менен УЗИ аппаратын, кольпоскоп, гистероскоп жана лабораториялык жабдууларды алышты. Япониядан алынып келинген медициналык жаңы жабдуулардын келиши менен облустубуздун калкына , өзгөчө кош бойлуу энелерге, аялдар менен өспүрүмдөргө, жалпы эле жарандарыбызга көрсөтүлүп жаткан медицналык тейлөө кызматтарынын сапаты бир канча эсе жогорулады. Калкыбыздын ден соолугун коргоодо айкын жылыштар боло баштады.

Сөзүмдүн соңунда Япониянын Өкмөтүнө жана анын элине, элчи Ёсихиро Ямамура мырзага өзүмдүн атымдан жана облустубуздун жалпы калкынын атынан терең ыраазычылык билдиремин. Кыргызстан менен Япония өлкөлөрүнүн элдеринин ортосундагы достук кызматташуу жана карым-катнаш мындан ары дагы өнүгө берерине терең ишенемин. Сиздерге бекем ден соолук, жооптуу ишиңизде ар дайым ийгиликтер болушун каалап кетемин.

–    Эң алгач  Кыргызстан менен Япония өлкөлөрүнүн ортосундагы дипломатиялык кызматташтыктын 25 жылдыгы менен баарыңыздарды куттуктап кетмекчимин. Ушул жылдардын аралыгында Япония Өкмөтү Кыргызстандын ар кыл тармактарында 38 долбоорлорго өзүнүн тикелей колдоосун көрсөттү. Мындан ары дагы бул багыттагы тыгыз кызматташуу улана берерине терең ишенемин,- деди Япониянын Кыргызстандагы атайын жана толук ыйгарымдуу элчиси Ёсихиро Ямамура мырза.

–     Жалал-Абад облусттук репродукция  борбору 1998-жылы эски төрөт үйүнүн базасында өз ишин баштаган эле. Алгачкы жылдары медициналык жабдуулар менен аппараттардан аябай кыйналдык. Мындан үч жыл илгери Япония Өкмөтү тарабынан каржылануучу “Чөптүн тамыры жана адамзат коопсуздугу” гранттык долбооруна атайын долбоор жазып кайрылган элек. Натыйжада биздин долбоор колдоого ээ болуп, Япония Өкмөтү тарабынан 84 925 АКШ долларындагы гранттык долбоор каражаты бөлүнүп берилди. Биз ал гранттык каражатка кош бойлуу энелердин ден соолугуна сапаттуу тыкыр көзөмөл жүргүзүүчү жабдуулар менен аппараттарды сатып алууга жетиштик. Тагыраак айтканда, 1 түстүү УЗИ аппаратын, 1 даана кольпоскоп, бир даана диагностика жасоочу гистерескоп, кандын биохимиялык анализ чыгаруучу аппарат, 1 микроскоп жана 1 центрафуга аппаратын алууга жетиштик,- деди Жалал-Абад облусттук репродукция борборунун директору Айнура Сатыбалдиева.

Жалал-Абад облустук репродукция борборунун дарыгерлери тарабынан даярдалган чакан белекти Япониянын Кыргызстандагы атайын жана толук ыйгарымдуу элчиси Ёсихиро Ямамура мырзага КРнын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев жалпы салтанаттын катышуучуларынын атынан ыраазычылык билдирүү менен тапшырды.

 

Андан соң ыйгарым укуктуу өкүл Кыянбек Сатыбалдиев, Япониянын Кыргызстандагы атайын жана толук ыйгарымдуу элчиси Ёсихиро Ямамура мырза гранттык долбоордун каражатына сатылып алынган медициналык жабдууларды көрүштү жана медициналык жабдуулар менен аппараттарды иштетип жатышкан дарыгерлер менен маектешти.

Япония Өкмөтү Ноокен аймактык ооруканасына дагы гранттык негизде 1 наркоздук дем алдыруучу аппарат, 1 даана амплипульс 4 жабдуусун, 1 даана ультраүндүү терапия аппаратын, 1 даана тонус ДТ аппаратын, бейтаптарды реаблитациялоодо колдонулуучу чуркоочу жана велотренажерлорду сатып алууга 70 312 АКШ долларындагы гранттык долбоор каражатын бөлүп берди.

Мындан эки жыл илгери Япония Өкмөтү Бишкек-Ош автомагистралындагы Көк-Арт дарыясына жалпы суммасы 11 млн. доллар гранттын эсебинен чоң көпүрөнү курушуп, пайдаланууга беришкен.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + = 9

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: