Menu

Фото – Өзбекстан коронавирус менен күрөшүүнүн алкагында Кыргызстанга экинчи ирет жардамын берди

Бөлүшүү:

Бүгүн, 20-майда Ош шаарында Өзбекстан Республикасынын Президенти Ш.М.Мирзиёевдин демилгеси менен өлкөдө коронавирус менен күрөшүүнүн алкагында жөнөтүлгөн Өзбекстан Республикасынын экинчи гуманитардык жардамын Кыргызстан Республикасына тапшыруу аземи болуп өттү.

Өзбекстан Республикасынын атынан достук жардамды Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ибрагим Жунусов тапшырды. Кыргыз тараптан жардамды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев кабыл алды.

Иш-чарада ошондой эле Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы кызматынын, Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлдөрү жана ММК катышты.

Гуманитардык жүктүн курамына медициналык керебеттер (440 даана), электрондук пирометрлер (1000 даана), медициналык коргоо костюмдары (2500 даана), медициналык мээлейлер (150 000 даана), ошондой эле медициналык бет каптар (150 000 даана) кирди. Жардамдын жалпы көлөмү 248 000 АКШ долл түздү.

Тапшыруу аземинин жүрүшүндө кыргыз тарап Кыргызстанда коронавирустун жайылуусу менен күрөшүүдөгү кезектеги колдоосу үчүн Өзбекстан Республикасынын Президенти Ш.М.Мирзиёевге жана бүт Өзбекстан элине чын дилинен ыраазычылык билдирди.

     

     

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 35 − = 30

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: