Биздин элита чөйрөсүндө ар кандай жөндөмү барлар толуп-ташып баратканы деле калп эмес. Бири домбраны эзип ырдаганга жараса, айрымдары доллар менен фокус жасоону куп үйрөнгөн. Жаңы кызматка келгендерди он беш күндө мыкты “жонглёр” кылып чыгарып коюшат кыйындар. Баарынан да кошоматчылыкты өздөштүрүүгө кезекке тургандар көп. Куйругун шыйпаңдатуу боюнча алдына эч кимди салбагандарга аябай суктанышчу болушту акыркы кезде. Себеби ошолордон орун артпай калып жатпайбы, беркилерге ботом.
Учурда Бишкек шаардык кеңешиндегилердин арасынан эң “популярдуу” деп саналган Алмаз Кененбаевдин арааны катуу жүрүп жаткан кези. Анткени кайсыл мэр келсе да ушул төрага калпак, чапанын жаап, бархатный кептерин алгачкылардан болуп шаңк эттирет. Кубанычбек Кулматовго да, Албек Ибраимовго да ушул эргул сый көрсөткөн. Бирок, артыңа шамал дегенди да өзгөлөрдөн жакшы үйрөндү. Эгерде Нариман Түлеев мэр болсо ага деле ушундай “услугасын” көрсөтүүдөн кайра тартмак эмес. Башына кара булут капталды дегиче Алыкеңдин кабагына кар жаап, кечээги эле “шефине” тескериленип калат. Бирок, өзүнө мындай мүнөзү билинбейт деле. Себеби, азгырылмак оюндарга биротоло сугарылып бүткөн да.
Аттиң, ушул жолу пландаган ойлорунун талпагы жайылды. Азис Суракматовго даярдап койгон “кийитин” эми элдин көзүнчө кийгизе албайт шекилди. Катуу кагуу жеген соң ал бул ирет ручкесин берди жалпактап. Антсе деле мунун жолун табат, керек болсо үйүнө жетип барып “визитин” жасоого үлгүрөт. Анткени менен “кошоматчы” деген каймана атка конгонуна өзү кандай карайт болду экен? Балким намысы ойгонсо мандатын тапшырып кетип калабы? Жок, антпестир, кантип эле Мавляндын кебине кемшейип калсын? Үргөн иттерге Кененбаев неге теңелмек эле? Калпак, чапан дегендерди болсо мол камдап алган да,”навсякий случайга”…
Булак: “Ачык сөз”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ