КСДПчы депутат Чыныбай Турсунбеков шефи Алмазбек Атамбаевден алыстагандан бери саясый ордун таба албай, кыйналып жүргөн чагы. Буга чейин КСДПнын Нарын облусу боюнча координаторлугунан баш тартып койгонун билебиз. Чыныбай мырза Сооронбай Жээнбековдун ишенимине мурдагыдай кире албаганын, өгөйлөнүп атканын да танбаса керек. «Оппозицияга ооп кетейин» десе өмүр бою топтогон бизнесинен коркот, эртең эле күч органдары текшерсе «кылдан кыйкым» таап коёт эмеспи. «Оңго барса өзү, солго барса аты өлөт» деген икаяны эске салууда. Андыктан, Турсунбеков нейтралдуу саясый позицияны карманып, 2020-жылдагы парламенттик шайлоого жаңы партия менен барууга ниеттенери бышык. Бирок, ага чейин арты чукулуп кетпесе эле…
Булак: «Азия ньюс»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ