«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин саламаттыгына байланыштуу дарыгерлер койгон диагнозун Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы жарыялады. Маалыматта Өмүрбек Текебаев күрөө тамырдын, жүрөк тамырларынын атеросклерозу, карынча үстүндөгү экстрасистоликалык аритмия, 2-даражадагы кооптуулугу жогору гипертония, түйүндүк богок, эутериоз менен жабыркайт.
Текебаев №47 абактан Бишкектеги Мирсаид Миррахимов атындагы улуттук кардиология жана терапия борборуна 31-июлда которулган. Бейтапканадан качан чыгары азырынча белгисиз.
Булак: «Азия ньюс»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ