Кашкар Жунушалиев ИИМ жетекчилигине келгени бир топ шектүү кадрлар аталган тармактан айдалган эле. Ошолордун арасында Бишкек ШИИБнин мурдагы орун басары Мирлан Муктаровдун да бар экени ырас. Дал ушул жай айларында Муктаровду Ысык-Көлдөн ОПГ мүчөлөрү сабаганы, кыйнаганы ыраспы? Албетте, биз атайын суроо катары берип атабыз. Бирок, саясый элитанын тар чөйрөсүндө жана милиция ичинде бул маалымат «дуу» болуп атканы жашыруун эмес. Таңгаласың, бүгүнкү күндө уюшкан кылмыштуу топтор милицияны кордоп атышса, анда карапайым элибиз куурадыбы? Кайсы заманда жашап атабыз? Баягы, Бакиев режиминдеги Сицилияга айланган Кыргызстанга кайттыкпы?…
Булак: «Азия ньюс»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ