Menu

Стамбулдагы “Ататүрк” аэропорту 31-октябрда жабылат

Бөлүшүү:

Стамбулда миллиондогон жүргүнчүлөрдү кабыл алган “Ататүрк” аэропорту быйыл 31-октябрда жабылат. Ошол эле күнү шаардагы жаңы аэропорт ишке кирет. Алгачкы эл аралык каттам Азербайжанга жүргүзүлөөрү кабарланды.

Стамбул шаарындагы жаңы аэропорттун жалпы аянты 76,5 миллион чарчы метрди түзөт. Терминалдын аянты 1,6 миллион чарчы метр.

Шаарда ошондой эле Сабиха Гөкчен атындагы эл аралык аэропорт иштейт.

31-октябрдан тарта “Ататүрк” аэропорту кызматтык, жеке жана өкмөттүк каттамдарды гана тейлей баштайт. Кийинчерээк аба майданы толугу менен ишин токтотот.

“Ата Түрк” аэропортунан 2017-жылы 32 миллиондон ашык чет өлкөлүк жүргүнчү өткөн. Алардын 105 миңге жакыны кыргызстандыктар.

Булак: «Борбор Азия жаңылыктар кызматы»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 6 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: