Menu

Алимент тууралуу долбооруна кимдер катышат?

Бөлүшүү:

Бүгүн, 27-январда Жогорку Кеңештин Coциалдык маселелер, билим беруу, илим, маданият жана саламаттык сактоо комитетинде алимент тууралуу долбоор талкууланат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, аталган комитетте “Алименттик милдеттенмелерди жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзам актыларын өзгөртүү” тууралуу мыйзам долбоору талкууланат. Талкууга .Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров, Миграция кызматынын башчысы Болотбек Ибраимжанов, ИИМ министри Кашкар Жунушалиев, Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева катышып, депутаттардын суроолоруна жооп берет.

Эске сала кетсек, депутат Айсулуу Мамашова буга чейин алимент маселесин көтөрүп келген. Ал былтыр, 28-октябрында  алимент боюнча (үй-бүлө кодексине) мыйзамга түзөтүү киргизүү сунушталып жатканы тууралуу жыйын өткөргөн.

Булак: «KyrgyzToday»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 36 − 32 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: