Тээ Бакиевдин доорунда Атамбаевдин ишенимине кирип, 2009-жылдагы президенттик шайлоодо Алмазбек Шаршеновичти отко салып баса берген Бакыт Бешимовду билесиңер да. Тогуз жылдан бери бозгунда жүргөн бул эргул жакында мекенибизге кайтып, тууган-урук, бир кездеги алыш-катыштарына жолуккан соң кайрадан көнгөн өлкөсүнө зуу койгону күбүр-шыбыр кепке айланды. Эми пендечиликте кемчилик кимден кетпейт? Балким бүгүнкү бийликтегилер менен өткөн-кеткенин кечиришип алышса, жашы өтүп бараткаңда качып-бозуп жүрө бербей Кыргызстанга келип алгандан өткөн бакыт барбы? Бул жерде интрига деле жок, болгону анын өлкөбүзгө келип кеткен жүрүшүн коомчулукка жаңылык катары жарыя эттик. Балким башынан оош-кыйыштарды көп өткөргөн тажрыйбалуу инсанга кызмат берип, күчүн алсак болот беле?
Булак: «Азия ньюс»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ