Menu

«Мамлекеттик лотерея компаниясы» МИ «Кыргыз лото» брендинин алдында «Ала-Тоо» лотереясынын биринчи нускасын чыгарды

Бөлүшүү:

«Мамлекеттик лотерея компаниясы» мамлекеттик ишканасы «Кыргыз лото» брендинин алдында «Ала-Тоо» лотереясынын биринчи нускасын чыгарды. Бул туралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдайт.

Мамлекеттик лотореянын негизги милдети атамекендик спортту, маданиятты, билим берүүнү, илимди, искусствону өнүктүрүүгө аракеттешүү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн социалдык программаларын ишке ашырууга каржылык колдоо көрсөтүү болуп саналат.

Лотереялык билеттер Кыргыз Республикасынын бүтүндөй аймагында сатылат. Биринчи нусканы ойнотуу 2018-жылдын 31-августунда саат 20:00дө «ЭлТР» каналында болот.

«Кыргыз лото» лотереясын биринчи ойнотуунун байгелеринин арасында 2018-жылы чыккан «Toyota Camry 70» унаасы, 10 iPhone X смартфону, башка баалуу жана акчалай белектер бар.

Лотереялык билеттин баасы 100 сом турат. Билеттерди кайдан сатып алууга болот, лотереянын түрлөрү, оюндун эрежелери, ошондой эле башка кеңири маалыматтарды www.kyrgyzloto.kgкомпаниясынын сайтынан билүүгө болот.

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 77 − 73 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: