Menu

Мавлян Аскарбеков: Көйгөйлөр уурулар менен жемкорлорго калпак, чапан жаап жаткан депутаттарда

Бөлүшүү:

– Биз 2010-жылдан бери коомдук транспорт маселесин көтөрүп келатабыз. Өмүркулов, Кулматов, Ибраимов – бардык мэрлер коомдук транспорт маселесин тез арада чечебиз деп айтышкан. Жол кырсыктарынан он эмес, жүз эмес, миңдеген адамдар жабыр тартып жатышат. Анткени силер, шаардык кеңештин депутаттары, коомдук транспорт эле эмес, курулуш ж.б. жааттагы жемкорлук менен байланыштасынар. Маселе мэрлерде эмес. Көйгөй уурулар менен жемкорлорго калпак, чапан жаап жаткан депутаттарда. Же мындай эмеспи, Алмаз Муканович? Сиз Түлеев менен иштедиңиз, Өмүркуловго, Кулматовго, Ибраимовго калпак кийгиздиңиз. Маселе ушунда жатат.

Ошондуктан, бизнесмендер, жемкорлор, коньюнктурачылар, уурулар эмес, оңдуу депутаттардын келиши үчүн мыйзамды өзгөртүү жана толуктоо зарыл. Алар мэрдин жана мэриянын ишин көзөмөлдөп турушу керек. Качанга чейин биз ушундай шаарда жашайбыз? Эмне үчүн шаарыбызды басып алган бир ууч гана бизнесмендердин, жемкорлордун, уурулардын топтору тайраңдап, калган карапайым калк жабыркашы керек? Эмне үчүн мен, менин балдарым, коңшуларым азап тартышыбыз керек? Же мындай эмеспи? Мен канча бусик кимге таандык экенин, канча линияны сиздин [Алмаз Кененбаевге карап – авт.] депутаттар ээлеп алышканын так айта алам. Бул жөнүндө качанга чейин айтып отурушубуз керек? Мен бул адамдардын запкысы, бийликтин жоопкерчилиги сизге да жетээрине бөркүмдөй ишенем? Ушинтип эле 10-20-жылдап депутаттык орунда отура беребиз, бизге эч ким тийе албайт деп ойлобогула. Силерге да жетет! Мына, бүгүн экс-премьер-министрлер камалып отурушат.

Ошондуктан, шаардык кеңешке сунуштайм (бул боюнча президент менен жолугушканда да айткам) – 2019-жылы  Бишкек менен Ош шаардык кеңештерин таркатуу керек. Шайлоого катышууга баарына бирдей шарт түзүлүшү зарыл жана байлар менен чиновниктердин балдары эмес, ар бир каалоочу катыша алгыдай болушу керек. Акыр аягы биз шаарыбызды өзгөртүшүбүз керек, биз бул бизнесмендер менен жемкорлордон чарчап бүттүк.

Эгер алар өз жоопкерчилигин сезбесе, анда аларды бийлик жоопкерчиликке чакырышы керек. Быйыл биз мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизип, 2019-жылы Бишкек менен Ош шаардык кеңештерин таркатып, мыйзамды сынап көрүшүбүз керек. Ошону менен сапатын арттырып, 2020-жылы парламенттик шайлоону таптакыр башкача өңүттө өткөрүшүбүз зарыл.

Чынайым Кутманалиева

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: