Menu

АКШда терроризмге айыпталган өзбекстандык өлүм жазасына тартылышы мүмкүн

Бөлүшүү:

Нью-Йорктун прокуратурасы Федералдык сотко документтерди жөнөтүп, АКШда бир нече адамды автоунаа менен тебелетип өлтүрүүгө айыпталган өзбекстандык Сайфулло Саиповду өлүм жазасына тартууну сунуштады. Саипов теракт уюштурууга жана адамдарды атайылап өлтүрүүгө айыпталууда.

Кошмо Штаттарга 2010-жылы грин-карттын негизинде барган Сайфулла Саипов былтыр 31-октябрда Нью-Йорктун Манхэттен районундагы кол салуудан кийин камакка алынган.

“Ислам мамлекети” террорчул уюму Саипов катышкан окуя боюнча жоопкерчиликти өзүнө алган.

Буга чейин Нью-Йорк сотундагы чоң жюри судьянын Саиповго каршы 22 айыптан турган корутундусун бекиткен. Ал документке ылайык, Саипов сегиз кишини өлтүргөнү, 12 кишиге кол салганы, “Ислам мамлекети” террордук тобун колдогону үчүн айыпталган.

Нью-Йорк штатында өлүм жазасына тыюу салынганына карабай Сайфулло Саиповдун иши федералдык сотто каралгандыктан бул жаза колдонулушу мүмкүн.

30 жаштагы Саипов буга чейинки көрсөтмөлөрүндө сот чечимин тааныбай турганын билдирген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: