Президенттик шайлоодон кийин өзүнө келе албай, саясий “критке” кеткени айтылып, саясатчы катары дагы да болсо «көк баш» бойдон экени белгилүү болгон Бакыт Төрөбаев акыркы күндөрү жанданды. Жанданганда кандай, буга чейинки парламенттик шайлоодогу МТС ачып жатканы туурасында эскирген жомогун жаңыртып, ошол кезде элге жем чачымыш болгон иштери туурасында видеолорду тоту кушчасынан кайталап, социалдык тармактарга жайылта баштады. Сыягы, бул жоругу менен мен ушундай иштерди жасап келе жатам дегенди айткысы келет көрүнөт. Бирок 2015-жылдагы шайлоонун алдында элге күйгөн адамдын образында алыскы айылдарга борбордон дарыгерлерди алып барып, калктын саламаттыгына кам көргөн, МТС ачып дыйкандарга жардам беримиш болгон иштерин Жогорку Кеңешке баш багып алгандан соң баары унутта калганын карапайым калктын жакшы билээрине Төрөбаевдин акылы жетпейби?.. Элди кайра-кайра алдай бергиси келет окшобойбу…
Булак: «Фабула»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ