Menu

Казакстан ТИМи Каспий конвенциясы боюнча түшүндүрмө берди

Бөлүшүү:

Казакстан Тышкы иштер министрлиги Каспий деңизинин укуктук макамын аныктаган конвенция жергиликтүү расмий сайттарга жарыяланбай жатканынын себептерин түшүндүрдү.

«Биз мыйзамдуу түрдө күчүнө кире элек документтерди жарыялай албайбыз. Келишим Казакстан парламенти жана документке кол койгон башка өлкөлөр тарабынан ратификациялангандан кийин күчүнө кирет. Бул Казакстандын эл аралык келишимдер жөнүндөгү мыйзамында каралган, – деди министрликтин өкүлү Айбек Смадияров.

13-августта Каспий деңизинин укуктук макамы жөнүндөгү конвенция Кремль сайтында жарыяланган.

Келишимге 12-авгутта Казакстан, Орусия, Иран, Түркмөнстан жана Азербайжан өлкөлөрү кол койгон. Документте сууну экономикалык максатта колдонуу маселелери камтылган жана деңиз менен чектешпеген өлкөлөргө Каспийде аскер күчтөрүн орнотууга тыюу салынган.

Булак: Борбор Азия жанылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 22 − = 20

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: