Menu

АКШда Орусияга каршы жаңы санкциялар тууралуу мыйзам долбоору жарыяланды

Бөлүшүү:

Шейшембиде АКШ Конгрессинин сайтына Орусияга каршы киргизилген санкцияларды катаалдаштыруу тууралуу мыйзамдын долбоору жарыяланды. Документ сенатор Линдси Грэм башында турган сенаторлор тобу тарабынан иштелип чыккан.

«Американын коопсуздугун Кремлдин агрессиясынан коргоо тууралуу мыйзам» деп аталган документ быйыл 16-июлда АКШ президенти Дональд Трамп менен Орусия президенти Владимир Путиндин Хельсинкидеги жолугушуусунан кийин иштелип чыккан. Ал өзүнө саясий билдирүүлөр менен катар Орусиянын аракеттерине жооп берүү үчүн кабыл алуу сунушталган бир катар конкреттүү чараларды камтыйт.

Мыйзам долбоорунда Кошмо Штаттар Крымдын Орусия тараптан аннексияланышын тааныбай тургандыгы жазылган. Ошондой эле документ АКШ президентинин администрациясына өлкөнүн НАТОдон чыгуусуна багытталган кадамдарга баруусуна тыюу салат.

Документтин айрым бөлүмдөрүндө химиялык курал колдонуу (кеп Британиянын Солсбери шаарында Сергей жана Юлия Скрипалдардын ууландырылышы тууралуу болууда), киберчабуулдар жана АКШдагы 2016-жылкы президенттик шайлоого кийлигишүү үчүн жоопкерчилик Орусияга жүктөлгөн. Ошондой эле анда Орусия Сирияда аскердик кылмыштарды жасаган болушу мүмкүн деген божомолдор белгиленген.

Мыйзам долбоорунда ал кабыл алынгандан 180 күн өткөнгө чейин Трамп «Орусиянын президенти Владимир Путиндин кызыкчылыгы үчүн мыйзамсыз ишмердүүлүк менен алектенген саясатчыларга, олигархтарга», ошондой эле алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө каршы санкцияларды киргизиши керектиги жазылган.

Документке ылайык, орусиялык суверендик карызга байланышкан транзакцияларга олутуу чектөөлөр киргизилип, Орусиядагы мунай өндүрүшүнө инвестиция жумшоого тыюу салынат. Андан тышкары ал өлкөнүн ири банктарынын, анын ичинде Сбербанк, ВТБ, Внешэкономбанк жана Газпромбанктын АКШда иштөөсүнө тыюу салынат.

Мыйзам долбоордун өзүнчө бир беренесинде АКШнын улуттук чалгын кызматы 180 күндүн ичинде Конгресске Владимир Путиндин жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн жеке байлыгы менен активдери тууралуу кеңири баяндама даярдап бериши керектиги жазылган.

Документ кабыл алынгандан кийинки 90 күндүн ичинде мамлекеттик катчы Конгресске Орусиянын «терроризмге демөөрчүлүк кылган мамлекеттердин» критерийлерине туура келер-келбесин билдирүүгө милдеттү.

Азырынча мыйзам долбоордун качан карала тургандыгы белгисиз. Орусияга каршы санкцияларды киргизүү тууралуу буга чейинки мыйзамдын долбоору былтыр Конгресстеги эки палатада тең көпчүлүк добуш менен кабыл алынган.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 82 = 85

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: