Бүгүн түндө узакка созулган оорудан белгилүү алып баруучу Салтанат Саматова көз жумганы белгилүү болду. Бул тууралу дагы бир алып баруучу Эркин Рыскулбеков фейсбук аркылуу билдирди.
“Кыргызымдын ак куусу асманга учту!” деп жазылат билдирүүдө. Чын эле Салтанат Саматова ак куудай болгон бир ажайып жан эле. Өмүрүндө жүздөгөн иш чараларды алып барып, бардык жерде ак куудай каалгып, жүргөн жерине күлүп-жайнап, жарык чачып турчу.
Салтанат көптөн бери рак оорусу менен күрөшүп, бир учурда ооруду да жеңди деген сөз тарап баарыбыз кубанганбыз. Бирок оору акыры алып тыныптыр.
Саматова 1972-жылы Бишкекте төрөлүп, Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектепте окуган. Ишенаалы Арабаев атындагы кыргыз мамлекеттик университетинин музыка факультетин аяктагандан кийин Биринчи радиодо алып баруучу, андан кийин “Европа плюс” радиосунун Кыргызстандагы бөлүмүнүн музыкалык программасынын алып баруучусу, кийинчерээк КТРКнын “Акыл ордо” берүүсүн алып барып жүргөн. Аны менен эле катар ал жүздөгөн мамлекеттик расмий иш чараларды жана тойлорду көркүнө чыгарып келди.
Маркумдун артында бир уул бир кызы калыптыр, калган жашын балдарына берсин. Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун! Жакындарына көңүл айтабыз.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ