Сооронбай Жээнбеков өлкөбүздүн аймактары боюнча иш сапарларын улантууда, – деп президенттин аппаратынын басма сөзү билдирди. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кызматына киришкенден бери Нарын, Баткен, Ысык-Көл, Талас жана Чүй облустарында иш сапарлары менен болгон.
Бүгүн, 16-августта иш сапарынын экинчи күнүндө Мамлекет башчысы Ош шаарындагы Ош мамлекеттик университетинин искусство факультетинин жаңы имаратынын жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын башкармалыгынын Ош облусундагы «Жаңы-Жер» чек ара заставасынын жаңы комплексинин салтанаттуу ачылыш аземине катышты. Ошондой эле Араван районундагы «Бирлик» үрөнчүлүк айыл чарба кооперативинин ишмердиги менен таанышты.
Иш сапарынын соңунда Президент Сооронбай Жээнбеков Ош облусунун жана Ош шаарынын укук коргоо органдарынын, күч түзүмдөрүнүн жана жергиликтүү мамлекеттик бийлик органдарынын жетекчилери менен кеңешме өткөрдү.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ