Menu

Аскар Медетов: адабият мансап эмес, тагдыр

Бөлүшүү:

– Сөздү ток этер жеринен баштайлы. Сиз эмне үнүн эл акын, эл жазуучуларды тынбай сындап жатасыз?

– Бул наамдар советтик жазуучуларга берилчү. Себеби, адабият мамлекеттин камкордугунда болуп, коммунисттик идеологияга жакшы кызмат кылган акын-жазуучуларга берилчү. Ошого ылайык алардын зоболосу бийик болуп, өзүнчө элита болуп, сындалчу да эмес. Эми ал заман өттү. Бул наамды чыгарган мамлекет жок. Аны менен кошо сыйык, наамдары да жоголгон. Ошол куну кеткен максатсыз, маанисиз берилип жаткан наамдарга, сыйлыктарга эмне үчүн карашыбыз керек. Ал сындан коргой турган панацея эмес.

Анда эмне үчүн бул наамдарды берүү уланып жатат?

– Залкар адабиятчы Кеңешбек Асаналиевдин «көркөм чыгарманы, адабий ишмерликти карьера жасоонун мансапкорлук куралына айландырып жиберишкен» деп айтканы бар. Анын сыңарындай, союз учурунда бул наам, сыйлык деген мансап болгон. Анткени, алардын статусу башка жазуучулардан жогору турган, китептерин каалашынча чыгарган, калем акы да көп төлөнчү. Жогоруда белгиленгендей, алар жазуучулар «армиясынын» элитасы болгон. Азыр анын бири жок деңизчи. Бирок, ошол эски түшүнүктүн күүсү менен көнүмүш адат боюнча наам, сыйлык алганга куштар болгондор көп. Анан калса, эгемендүүлүк жылдарында «Эл акыны», «Эл жазуучусу» деген наам өтө эле көп берилди. Шайлообек Дүйшеев «мага Болот Шер алып берген» деп жазбадыбы. Демек, наам-сыйлыктар жалаң тааныш-билиштик менен берилет. Ошондой таза эмес жбл менен берилип аткан наам-сыйлыктардын кереги барбы? Албетте жок. Адабиятты мансап катары кароо маселеге токтолбодукпу, ошол «илдет» менен ооруп жүргөндөр дагы эле көп. Бир китеп чыгарып алып «акынмын» деп көкүрөк кагып жүргөндөр мындан көп. Жазуучулар союзу тараткан күбөлүктү көрүнгөн жерде көрсөтүп, «жазуучумун» деп жүргөн ышкыбоздор андан көп. Ал эми чыгармачылык тозоктун отуна кирип чыккандай эле азаптуу, түйшүктүү иш экенин алардын иши да жок. Себеби, алар чыныгы чыгармачылык изденүү деген эмне экенин билбегендер идеяны, образды жаратуу, ийлөө, кемелине келтирүү үчүн чеберчиликке ээ болуу керектиги, ал кызылдай мээнет менен көптөн кийин келе тургандыгы биздин ыр жазууну, роман жазууну жеңил-желпи иш катары көргөн дилеттанттар кайдан түшүнсүн.

– Демек, адабиятта дилеттанттар көп деңизчи?

– Ооба, маселе ошондо. Себеби, прозанын да, поэзиянын да деңгээли өтө төмөн түшүп кетти. Адабий классиканы өздөштүрүү, кесиптик камылга көрүү, корком чеберчилик деген уңгулуу маселелер унутта калды. Мисалы, Ж.Токтоналиевдин «Хан Орион», А.Оморовдун «Чынгызхан», К.Иманалиевдин «Тагай бий», А.Муратовдун «Сунулган баш, суурулган кылыч», О.Шакирдин «Куюн доор» аттуу чыгармалары үйрөнчүк талапкер калемден жаралганы, ал чыгармалар дагы кунарсыз пейзаж, кургак диалог, жасалма кырдаалдардан кашкайып ачык көрүнөт. Бул авторлор тарыхты, турмушту терең изилдеп, корком дүйнөгө айландыруу, жалпылоо маселесин мындай кой, жанрдын эстетикалык табиятын өздөштүрүү аракети да болгон эмес. Каармандардын ысымдары аталганы болбосо, алардын көркөм образынын элеси да жок. Ошон үчүн бул авторлор адабияттын улагасында туруп алып «тор меники» дебей, эгер чындап адабиятка келген болсо үйрөнчүк деңгээлден көтөрүлүп, стилин калыптандыруунун машакаттуу процессии башынан өткөрүп, анан барып жазуучу катары сөзүн айтса болот. Ал эми бул авторлордун китептери көркөмдүк жактан көк канат, идеялык жактан алешем.

XXI кылымда, жацы доордун башталышында жашап жатабыз. Коомдогу өзгөрүүлөрдү, карама-каршылыкгарды корком электен өткөрүп, образдуу чагылдыруу поэзияда деле байкалбайт. Элүүгө чейинки ыр жазып жүргөндөр азыркы замандын ыргагын, белгилерин кармай албай, табиятын түшүнбөй жаткандай. Ушундан улам алардын ырларынан идеялык көркөмдүк изденүүлөр форманы, поэтикалык тилди жаңылоо аракети байкалбайт. Алар кемеге байгеден мөрөй алганына маашыркап, ыраазы болуп отуруп калганы жарабас. Анткени, азыркы акындардын алдында XX кылымда не деген идеялык формалык изденүүлөрдү башынан кечирип, бийик децгээлге көтөрүлгөн кыргыз поэзиясынын учун улоо милдети турат.

– Абалды оңдоо үчүн эмне кылуу керек?

– Адабиятка карата мамиленин өзү өзгөрүшү керек.

– Кандай болуп өзгөрүшү керек?

– Эстетикальпс корком дөөлөттөр эч качан наам, сыйлык менен өлчөнбөйт. Эгемендүүлүк жылдарында адабияттын астанасын атгагандардын арасынан өзүнүн көркөм дүйнөсүн жараткан, өзүнүн «менин» тапкан, өзүнүн чындыгын издеген авторлор жок болуп атат. Алардын чыгармалары негизинен эпигончулук менен жазылган. Изденүү, адашуу, кризиске туш болуу деген сыяктуу чыныгы чыгармачылык процессте боло жүрчү көрүнүштөр байкалбайт. Улуу муундун адабий принциптерин, салттарын таануу, аларга атаандашуу жок болуп жатат. Жаштар аларга карата мамилесин өзгөртүшү керек. «Мезгилдин идеясына жараша формасы болот» деп Белинский илгери эле айтып койгон. Анын сыңарындай, мындан 20-30 жыл мурдагыдан такыр башка заманда жашап жатабыз. Ошону терец изилдеп, жацы образдарды, жаңы типтерди жараткан чыгармалар жазылбай жатат.

Шайлообек Дүйшеев сыяктуу акындар бийликке кошомат кылып, жаштарга жаман үлгү көрсөтүүдө. Президент Джон Кеннеди Вашингтонго, Акүйгө расмий кабыл алууга чакырганда Уильям Фолкнер барбай коюптур. Өзү-нүн корком дүйнөсүн жараткан жазуучу ушундай эрдикке барган. Себеби, бийлик менен бай-ланышуунун эч бир зарылдыгы болгон эмес. Ал эми биздеги бийликке кошомат кылган жазуучулар жөнүндө белгилүү сынчы, публицист Эсенбай Нурушев «акын-жазуучулар болсо мистицизмге, жармач патриотизмге түшүп алышты. Бу катмардын арасында бир чети бийликтин көңүлүн алып, ага кошо өзүнө анча-мынча атак, аброй, материалдык болконтай ашырып калгысы келгендери, мындан тышкары, эртең менен бирди сүйлөп, түштөн кийин бирди айтып калган айнымалары аз эмес» деп жүлүнгө сайгандай айтыптыр.

– Анда эмне жазуучуларыбыз мамлекеттен кол үзүшү керекпи?

– Эми бул саясатгын жөнү башка, чыгармачылыктын жолу башка деген эле кеп. Тескерисинче, мамлекет адабиятка кам көрүшү керек. Г.Флобер «искусство превыше всего. Книга стихов ценнее железной дороги» деп айткан. Анын сыцарындай, элдин руханий азыгы адабият, аны болсо жазуучулар жаратат. Элди мацкурт кылуу максатын көздөп жатабы? Айтор, биздин өкмөт жазуучуларга «салбардын баласындай» эле мамиле  кылууда. Өлкөбүздө бир адабий журнал же гезитибиз жок. Өзбекстанда «Шарк юлдузы», «Жахон адабияты», «Ёшлар адабий» журналдары. «Адабиёт ва санат» жумалыгы чыгып жатат. Президент Ш.Мирзиёев тарабынан Жазуучулар союзун жакшыртуу жөнүндө токтом кабыл алынып, жазуучулардын китебин чыгарып, жашоо шартын жакшыртуу чаралар көрүлө турган болду. Ө3бек Жазуучулар союзунун имараты заңгырайт. Ушунун баардыгы келечек муундарды тарбиялоо, элдин руханий турмушу үчүн кам көрүү болуп эсептелет. Биздин өкмөтжокдегенде бекер иштеп берип жаткан жазуучуларга чыгармаларын жарыялап турганга шарт түзүп бир гезит же журнал уюштуруп бериш керек. Ушундай объективдүүжана субьективдүү себептерден улам адабиятыбыздын деңгээли өтө төмөн тушүп кетти.

– Адабияттагы ушундай кейиштүү абалды оңдоого сын жардам бере алабы?

– Адабият кандай болсо, сын ошого жараша болот. Жогоруда белгилүү болгондой, адабияттын абалы жакшы эмес. Мактана турган эч нерсе жок. Адабий сындын абалы андан да начар.

– Сынчылар жокпу?

– «Бизде адабиятчы болгон кишини дароо эле сынчы атка кондурушат эмеспи» деп кыргыз сынчыларынын Толубайы Салижан Жигитов айткандай, азыр адабиятчы-сынчылар жетиштүү. Бу кыргызың бир жээктен бир жээкке секире бермей адаты бар эмеспи. Советгик мезгилде саясый айып тагылган жа-зуучуларды «төө бастыга» алып жатып калышчу. Азыр болсо суу жугузбай, көкөлөтүп мактамай модага айланды. Кошоматка кой сойгон адабиятчылар андан көп. Китеп чыгарган автор «презентация» деп элдин баарын чакырат. Анан чай үстүндөгү мактоолорго ишенсек, жацы китеп түз эле дүйнөлүк классикага кошулчудай көрүнөт. Дүйнөлүк адабиятты мындай коюңуз, тилекке каршы, төл адабиятыбыздын деңгээлин көтөргөн жаңы сөз айтылбай жатпайбы.

– Анда эмнеге макташат?

– Эч ким жаман көрүнгүсү келбейт. Ачуу чындыкты айтсаң балээге каласың. Жаман көрүп, чычалап, жарма таарынычтардан улам кара пиар уюштурушат. Ошону менен душман көрөт да калат. Бул туура эмес, ак жеринен күйгүзгөндүн жүзүн ары кылсын, чыгарма болгондон кийин кемчилиги болот да. Аны айтып койсо ыргыштай бериштин кереги жок. Сынды туура кабыл алуу да өзүнчө маданият.

– Адабияттын келечеги болгон жаштар тууралуу эмне айта аласыз?

– Бир жолу мага Би-Би-Сиден журналист чалып калды: «Сиз аңгеме боюнча жактаган турбайсызбы. Адис катары маек куруп берсеңиз» деп. Көрсө, аңгеме боюнча конкурс уюштурулуп, анынжыйынтыгы жаңы эле чыгарылыптыр. Ал эми ошол комиссияда журналисттерге жанрдын тарыхы, теориясы, поэтикасы боюнча маек куруп бере турган киши жок экен. Ошондо барып мени эстешиптир. Ошентип, тааныш-билиш менен түзүлгөн комиссия конкурстун байгесин деле «кол ийрисине тартат» деген принцип менен ыйгарды да. Ошон үчүн сөзүбүздүн башында айтылган наам-сыйлык деген утурумдук кызыкчылыктарга аз-гырылбай, жаштар чыгармачылыкта өз жолун таап, көп окуп, азан-казан болуп кайнап жаткан турмушту терең изилдеп, эстетикалык көркөм дүйнө жаратууга түбөлүктүү образдарды түзүүтө умтулушу керек. Анча-мынча наам-сыйлык алганга ыраазы болуп, пейил күтүп, компойгон жасалма салабаттан эч нерсе чыкпайт. Себеби, адабият мансап эмес, ал баш-отуң менен кирген чыгармачылык изденүүнү, чыр-кыраган чындыкты айтууну, нукура эстетикалык ачылгаларды, оор болсо да акындык тагдыр күткөндү талап кылат.

Калыгул Бейшекеев

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 72 − 68 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: