Menu

Фото – Милициянын генерал-майору, КРнын эмгек сиңирген юристи  Токтожума Жээналиевдин айкели тургузулду

Бөлүшүү:

Бүгүн,  6-июнь күнү Нарын ОИИБде милициянын генерал-майору,  Кыргыз  Республикасынын эмгек сиңирген юристи “Эмгек Кызыл-Туу” жана 3-даражадагы “Манас” ордендеринин ээси, Нарын облусунун жана Нарын шаарынын ардактуу атуулу маркум Жээналиев Токтожума Жээналиевичтин айкелин ачууга,  ошондой эле Оттук айылындагы милициянын аймактык бөлүмүнө ысымын ыйгарууга байланыштуу Мемориалдык тактасын тапшырууга арналган салтанаттуу аземи болуп өттү. бул тууралуу Нарын ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Салтанаттуу иш-чарага Нарын ОИИБнын башчысы милициянын полковниги У.Аалиев, ОИИБнын бөлүм башчылары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарымдуу өкүлү, Нарын шаардык мэри, Кыргыз Республикасынын легендарлуу парламенттин депутаты Медеткан Шеримкулов баштаган коноктор жана коомчулук өкүлдөрү, жолдоштору, бир тургундары болуп жалпысынан 200дөн ашуун адам катышты.

Нарын ОИИБдин башчысы У. Аалиев келген коноктор менен учурашкан соң,  “Милициянын генерал-майору Токтожума Жээналиев агабыздын Кыргыз  Республикасынын ИИОда басып өткөн жолун карай кетсек өз кесибинин чеберчилиги байкалат. Кылмыштуулук менен күрөшүүдө жана коомдук коопсуздукту сактоодо кошкон салымы зор. Токтожума Жээналиев ИИОдо кызматын гана өтөбөстөн, Нарын облустук партиялык кенештин депутаты дагы болуп, анын облустун өнүгүп өсүшүнө кошкон салымы эч качан унутулбайт деп эсептейм. Сөзүмдүн аягында Токтожума Жээналиев агабыздын үй-бүлөсүнө бекем ден соолук кажыбас кайрат калоо менен ИИОда кызмат өтөп жаткан кызматкерлерге агабыздай өз мекенине күйгөн патриот болушун каалайм”,-деп билдирди.

Андан соң, келген коноктордун ар бирине сөз берилип, өмүр баяны, басып өткөн жолун, ишине кылган мамилесин жана адамдык сапаттарын айтып эскеришти. Нарын РИИБнүн Оттук айылындагы милициянын аймактык бөлүмүнө Мемориалдык тактасы расмий түрдө тапшырылып, акчалай жардам берилди. Иш-чара маркумга куран окутуу менен аяктады.
   

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: