Menu

Германия: 85 адамды өлтүргөн санитар өмүр бою эркинен ажыратылды

Бөлүшүү:

Ольденбург шаарынын соту мурдагы санитар Нилс Хёгелди өмүр бою эркинен ажыратты. Хёгел 2000-2005-жылдары эки ооруканада 85 адамды өлтүрүүгө күнөөлүү деп табылды.

Хёгел сотто бейтаптардын жакындарынан жана досторунан кечирим сурады.

42 жаштагы санитар Ольденбург жана Демменхорст шаарларындагы ооруканаларда иштеген. Ал оорулуу адамдарды өлтүрүп жатканы тууралуу шектенүү 2005-жылы жайында пайда болгон: клиниканын кызматкерлеринин бири Хёгел оорулууга өтө көп дары берип жатканын байкап калган.

2008-жылы сот Хёгелди «өлтүрүүгө аракет кылган» деп таап, 7,5 жылга эркинен ажыраткан. 2015-жылы ага бир нече адамды өлтүргөн деп айып коюлган. Көп өтпөй Хёгел жүзгө чукул өтө оор абалдагы адамга ашыкча дары бергени белгилүү болду.

Тергөөчүлөр Хёгел зериккенде ушундай эксперименттерди жүргүзүп жүргөнүн аныкташты. Психиатрдын айтымында, киши өлтүрүү менен Хёгел «баңгизат колдонгондо пайда болчу таасирди алууга умтулган».

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 40 + = 46

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: