Menu

Өмүрбек Текебаев: «Кадыржан Батыров менен Алмаз Атамбаев 2010-жылы 5-июнда Атамбаевдин үйүндө жашыруун жолугушкан»

Бөлүшүү:
«Кадыржан Батыров менен Алмаз Атамбаев 2010-жылы 5-июнда Атамбаевдин үйүндө жашыруун жолугушкан», – деп билдирди депутат Өмүрбек Текебаев бүгүн, 19-сентябрда Бишкекте өтүп жаткан  маалымат жыйынында.
“Атамбаев 2010-жылы 5-июнда Кадыржан Батыров, Салахудинов жана башка өзбек лидерлерин өзүнүн менчиги болгон “Форум”  имаратына жашыруун чакырган. Алар, Алмаз Атамбаев менен шайлоого “Ана-Ватан” деген партиясы менен чогуу барышмак болушкан. Эмне үчүн Атамбаев өзбек сепаратисттеринин лидерлерин биз иштеген Убактылуу өкмөттүн имаратындагы кабинетине ачык чакырбастан, жашыруун үйүнө чакырат? Ага чейин Кадыржан Батыровду Убактылуу өкмөттүн  төрайымы Роза Отунбаева менен анын дагы бир орун басары Алмаз Атамбаев кабыл алышкан болучу.  Ошол ачык жолугушуудан кийин анан жашыруун үйүнө чакырып жатат. Алтургай Алмаз Атамбаев Кадыржан Батыровдун буйрутмасы менен анын кадрларын мамлекеттик кызматтарга орноштурган.  Ишенбесеңер мына азыр камакта олтурган Бектур Асановдон тактагыла. баарын айтып берет. Ал 2010-жылы Жалал-Абаддын губернатору эле, Атамбаев ага телефон чалып Кадыржан Батыровдун кадрларын мамлекеттик кызматтарга дайындатып турган. Булар далилдүү фактылар, эмнеге буларды Генпрокуратура териштирбейт?  Мен, Кадыржан Батыров менен бир дагы жолуккан эмесмин, менин милдетим Башмыйзамды жазганмын. Атамбаевдин милдети Кыргызстандын коопсуздугун кароо болгон. Ал, коопсуздукту кароонун ордуна сеператисттерди үйүнө чакырып, жашыруун сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Мына, ошол кездеги Убактылуу өкмөттүн мүчөсү, аппарат башчысы Эмилбек Каптагаев айтты го, “2010-жылы Кадыржан Батыров менен Алмазбек Атамбаевден көп эч ким жолуккан эмес” деп”,- деди депутат Өмүрбек Текебаев.
Булак: Кyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 50 + = 58

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: