Орусиянын Омск облусунда 500дөн ашуун адам “Ольховка” бажы бекетинде Казакстанга кире албай турат.
Тажикстан менен Өзбекстандын эмгек мигранттарын ташып бараткан он автобустун чек арадан өтө албай турганына эки күн болду. Бажы кызматкерлери билдиргендей, уруксат берүү маселеси чечилбегендиктен, күнүгө бирден автобус гана Казакстанга коё берилүүдө.
Орусиянын Новосибирск, Томск, Красноярск шаарларынан келе жаткан жүргүнчүлөр Курман айт майрамын үйлөрүндө тосуу үчүн жолго чыгышкан. Чек арадан өтө албай жаткандардын арасында аялдар менен балдар дагы бар.
Жүргүнчүлөрдүн тамак-аштары түгөндү, автобустар турган жерде болсо дүкөн жок.
“Биздин суроолорубузга жооп беришпейт. Күткүлө деп жатышат… Суу жок, тамак жок. Бүгүн түшкө чейин автобустан бир дагы адамды чыгарууга уруксат беришкен жок, менин автобусумдагы жүргүнчүлөрдүн 17си бала, алардын арасында эмчектен чыга электери да бар”, -деди автобус айдоочуларынын бири Аблайхан Максут.
Youtube хостингинде жарыяланган видеодо бажы бекетинин кызматкерлеринин бири күнүгө бирден автобус текшерилип, чек арадан өткөрүлөрүн айтууда
Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ