Menu

ТАСС: БУУ Кыргызстандагы саясый абалды турукташтырууга жардам берүүгө даяр экенин билдирди

Бөлүшүү:

Ал эми Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башчысынын милдетин аткаруучу Өмүрбек Суваналиев өз кезегинде “чагымчыл элементтер тарабынан өлкөдөгү абалды курчутуу аракеттери болуп жатат” деп билдирди.

Бириккен улуттар уюму Кыргызстандагы коомдук-саясый абалды турукташтырууга жардам берүүгө даяр. Бул тууралу бейшембиде БУУнун Кыргызстандагы туруктуу координатору Озонниа Ожиело Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) башчысынын милдетин аткаруучу Өмүрбек Суваналиев менен жолугушуу учурунда жарыялады.

Өз кезегинде Озонниа Ожиело мырза Бириккен Улуттар Уюму Кыргызстандагы түзүлгөн кырдаалга тынчсызданып жатканын белгилеп, коомдук-саясий кырдаалды турукташтыруу үчүн керектүү жардам көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.

БУУ башкы катчысы Антониу Гутерриш өлкөдөгү болуп жаткан бардык окуялардан кабардар болгондугун жана саясий кризистен эртерээк чыгууну кааларын белгиледи.

“Жолугушуунун акырында Ө.Суваналиев Озонниа Ожиело мырза аркылуу БУУ корсөтүп жаткан колдоосу үчүн ыраазычылык айтты.

Ошондой эле Ө.Суваналиев күч структуралары жана укук коргоо органдары саясаттан тышкары экендигин белгилеп кетти”, – деп айтылат мекеменин билдирүүсүндө.

Булак: ТАСС

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: