Menu

Алматы соту тыюу салынган теманы козгогон активистке айыппул салды

Бөлүшүү:

Алматы соту казак коомчулугунда аялдардын этек кири жөнүндө айтууга тыюу салынгандыгы жөнүндөгү иш-чарага катышкан ЛГБТ-активисти Жанар Секербаеваны «майда бейбашчылык кылууга» күнөөлүү деп таап, ага 12 миң теңге же 33 доллар өлчөмүндө айыппул салды.

Сот мындай чечимди айыппул төлөтүү тууралуу прокурордун өтүнүчүнөн кийин дароо кабыл алды. Азырынча өкүм күчүнө кире элек жана адвокаттар 10 күндүн ичинде ал боюнча жогорку баскычтагы сотко даттана алышат.

Буга чейин сот айыпталуучунун судьяны алмаштыруу өтүнүчүн четке каккан. Мындай өтүнүч менен адвокат 16-августта, судья Исабаева соттолуучуга жеке мүнөздөгү суроолорду бергенден кийин кайрылган. Анда Секербаева ал суроолор аны кемсинткенин билдирген.

Сот ошондой эле бул иш боюнча эки күбөнү суракка алуу тууралуу адвокаттын өтүнүчүн канааттандырган жок. Секербаевага каршы кылмыш иши ошол эки күбөнүн көрсөтмөсүнүн жана аймактык тескөөчүнүн рапортунун негизинде козголгон.

Казакстанда ЛГБТ-коомчулугунун укуктарын коргоо менен алектенген Секербаевага 9-августта, ал Алматыдагы иш-чарага катышкандан кийин айып тагылган. Айыпталуучу анда фотосессияга гана катышканын билдирүүдө. Бул ишке көз салып жаткан эл аралык укук коргоо уюмдарынын байкоочулары соттук териштирүүлөрдү активисттин оюн эркин билдирүү жана тынч жыйындарга катышуу укугуна кийлигишүү деп аташты.

Полиция кызматкерлери Секербаеваны 15-августта кармап, шаардык ички иштер башкармалыгына алып барышкан. Ал күнү активист негиздеген «Феминита» уюмунун иликтөөсүнүн жыйынтыгы жарыяланышы керек болчу. Анда Секербаева лесбияндардын, бисексуалдардын жана квир-аялдардын муктаждыктары жөнүндө айтып бермек.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 49 − 46 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: