Кечээ, 24-августта Бишкек шаардык кеңешинин “Кыргызстан” фракциясы азыр бош калган Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын кызмат ордуна депутат Кубанычбек Коңгайтиевдин талапкердигин сунуштады.
Буга чейин Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы кызматын аркалап келген Алмаз Кененбаев КР Президенттик аппаратынын жетекчисинин орун басары болуп дайындалган. Алмаз Кененбаев Роза Отунбаеванын күйөө баласы катары да белгилүү. Бир тууган сиңдисинин кызына үйлөнгөн.
Алмаз Кенебаев менен Кубанычбек Коңгайтиев жакын достордон болот.
Кубанычбек Коңгайтиев экс–генпрокурор Камбаралы Коңгайтиевдин уулу, 38 жашта. 2012-жылы “Республика” партиясынан шаардык кеңешке депутат болуп шайланган. 2016-жылы “Кыргызстан” партиясынын тизмесине кирип, Бишкек шаардык кеңешинин депутаттыгына өткөн. Экс-Ички иштер министри Молдомуса Коңгайтиевдин инилеринен болот.
Булак: Кyrgyztoday.кg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ