Menu

Батыралиев баш катырууда

Бөлүшүү:

Өзүнүн каны кайсы топко кирээрин таба албай башы маң болгон министрдин окуясы бүтүн өлкөнү дүң кылбады беле. Андан да саламаттыкты сактоо жаатындагы тармакка тиешелүү айрым бир имараттар будамайланып, гранттык жана демөөрчүлүк тараптан келген медициналык аппараттар “бармак басты көз кысты” болгон окуяларга бай бирөөнү эстегилечи? Бир кездеги «ызвезда», тагыраагы, саламаттык сактоо тармагыбыздын мурунку министри Талант Батыралиев учурда бош. Эмне менен алектенээрди азыр ойлоно элек экен. Жарыктык киши министр болуп келгени эс алуу дегенди билбей катуу иштеген өңдөнөт, “чыйт” түкүрүп эле эс алып жатат. Башка жакка деле чыкпастан, өз үйүндө экен. Бир айтымда кайсы бир жетекчилик орунга бирөөнү олтургузганы үчүн «особняк» алды деген кеп тарады эле. Балким, ошол үйүндөдүр. Же канча бир жыл убактысын берип келген Түркиясына барып жаткандыр. Сапары тууралуу айтканда не? Ток этээри, өткөн кеткенине саресеп салып, эмне жаңылыштык, эмне артыкчылык кетиргенин тизмектеген Талантбек мырза министр кезинде жасаган бир артыкчылыгын таппай убара болуп жатканы маалым болду.

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 95 − 85 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: