Menu

Албек Ибраимов 28-октябрга чейин камакта калды

Бөлүшүү:

Бишкектин Биринчи май райондук соту бүгүн 27-августта баш калаанын мурдагы мэри Албек Ибраимовдун камактагы мөөнөтүн 28-октябрга чейин узартуу жөнүндө чечим чыгарды. Бул тууралуу Ибраимовдун адвокаты Сергей Слесарев маалымдады.

Буга чейин райондук сот Ибраимовду 29-августка чейин камакка алуу жөнүндө чечим чыгарган. Аны Жогорку сот күчүндө калтырган.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин эң жакын үзөңгүлөштөрүнүн бири Албек Ибраимов Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренеси менен айыпталып жатат.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) билдирүүсүнө караганда, Албек Ибраимов “Дастан” ишканасынын жетекчиси болуп турганда “270 миң доллар өлчөмүндө мыйзамсыз сый акы алган, Ысык-Көлдөгү “Күнөстүү жээк” пансионатын сатууда мамлекетке 152 миллион сомдук зыян келтирген жана Бишкектин түштүк четиндеги беш гектар жерди мыйзамсыз бөлүп берүүгө тиешеси бар” деп шек саналып жатат. Албек Ибраимов 19-июлда кармалган. Учурда ал УКМКнын тергөө абагында отурат.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 88 − = 84

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: