Menu

Amnesty International аскер “робот-өлтүрүүчүлөргө”тыюу салууга чакырды

Бөлүшүү:

“Робот-өлтүрүүчүлөр – мындан ары илимий фантастика эмес. Жасалма интеллектке ээ, бутаны өзү тандай турган учкучсуз учактар, автомат замбиректер эл аралык укуктарга шайкеш келбейт”, – деп билдирди укук коргоочулар.

Amnesty International мындай билдирүүнү автономдуу учуучу системалар боюнча БУУнун камкордугу алдында өтүп жаткан сүйлөшүүлөрдүн алдында таратты. Отурум 27-августта Женевада башталды. Сүйлөшүүлөргө 75 өлкөнүн өкүлдөрү катышууда.

Жакынкы жылдары бутаны тандап, аларды жок кылуу боюнча өзү чечим кабыл алган, толугу менен өзүн өзү башкара турган жаңы роботтор пайда болор-болбосу ушул сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгынан көз каранды. Укук коргоочулар бул мыйзамсыз киши өлтүрүүлөргө жана адам укуктарынын бузулушуна алып келиши ыктымал деп кооптонушууда.

Amnesty International бул сыяктуу автономдуу системаларды колдонууда адам укуктарын камыздоо үчүн милдеттүү юридикалык стандарттарды иштеп чыгууга чакырды.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 87 − = 84

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: