Menu

Жалал-Абад шаардык жана райондор аралык соттору  жаңы имаратта  ишин башташты

Бөлүшүү:

Сот реформасынын  алкагында сотторду адистештирилген  имараттар  менен камсыздоо иши уланууда. Өткөн  аптанын соңунда   Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрайымы Айнаш Токбаева Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында  Жалал-Абад шаардык жана райондор аралык  сотторунун жаңы имараттары менен таанышып чыкты.

Имарат үч кабаттан  туруп, биринчи кабатта эки соттун кеңсе бөлүмдөрү жана соттук  залдар орун  алган. Ал эми  сотко келген  тарапка байланышты чектөө максатында судьялар жана аппарат кызматкелери  жогорку  кабаттарга  жайгаштырылган.

Маалым болгондой,  буга чейин  Жалал-Абад шаардык соту менен  областык сот  бир имаратта жайгашып келген. Эми болсо  шаардык соттун жанына  райондор аралык соту да орун алды.

Жалал-Абад шаардык сотунда акыркы жолу  капиталдык ремонт иштери  2009-жылы жүргүзүлгөндүктөн, имарат эски болчу. Учурда шаардык сот менен райондор аралык соттун судьялары,  аппарат кызматкерлери үчүн бардык  талаптарга жооп берген шарттар түзүлдү. Айтсак, шаардык сотто 6 судья иштесе, алардын ар бири соттук отурумду өткөргөнгө 7 сот залы бар.  Мындан тышкары,  архив, көзөмөл өткөрмө пункту, конвойлордун өзүнчө бөлмөсү  жайгашкан.

Аппарат кызматкерлери тиешелүү техникалар менен камсыздалып, коопсуздук чаралары эске алынган.

Айнаш Токбаева капиталдык ремонттонттун иши менен таанышып чыккан соң, Жалал-Абад шаардык жана райондор аралык соттору адилеттүү чечимдерди чыгарган, элдин ишенимин арта турган мекеме  болооруна ишеним  жасады.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 74 = 78

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: