Menu

Маданият жайдагы маданиятсыздыкты колдогон депутат айымдар…

Бөлүшүү:

Эсиңиздердедир, мындан бир канча жыл мурда Ч.Базарбаев атындагы опера жана балет театрына, өлкөдөн качып кеткен Данияр Үсөновдун уулу баштаган, Салымбековдордун “штуктары” төштөгөн үлкөндөр, туулган күнүн белгилеп, шамдарды жагып, сахнанын дал ортосуна үстөл жайышкандарын. Бул албетте көпкөнчүлүк болгонун азырга чейин айтып бүтө албай келебиз. Маданиятка түкүргөн, түпкүлүгү кайдан чыкканын билбегендер гана, өлкөнү кайсыл баалуулуктар сактап тураарын аңдабагандар гана ушундай жолго барышмак. Ал окуянын арты менен кечээ жакында эле Г.Айтиев атындагы сүрөт көргөзмө музейинде аялдардын артыкчылыктары, укукутарына арналган атайы сүрөт көргөзмөсү болуп, анда дырдай жылаңач кыздардын жүргөнү аз келгенсип, аялдардын ич кийимдерин ачык эле ар кандай сөздөрдү жазып, көргөзмө катары илгендери кызык болду. Башка жерде болсо да, батыштын жэларгысы билинбей, жаңы заманбап көргөзмө деп калат элек. Кыргыздын көзгө басар, таланттуу сүрөтчүсү Гапар Айтиевдин атын алып жүргөн жайда мындай көрүнүштүн болушу көптөрдүн жинин келтирди. Кызыгы, ал жерди Акаевдин кадры, өткөн ажо тактысы үчүн жарышка түшкөн Мира Жангарачеванын башкарып атканы болууда.

Бул боюнча Маданият, маалымат жана туризм министри амат Жаманкулов Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде уюштурулган феминнале боюнча түшүндүрмө берип, бул иш чара тууралуу ага маалымдабагандыгын айтты. Акылга сыйбаган андай иштердин маданий жайда өтүшү өтө уят экенин айтып, элден кечирим да сурады. Ал эми Жангарачева өз каалоосу менен кызматтан кеткени айтылды. Бирок, Жангарачева кеткенге каалоосу деле болбогонун айтып, бирок… деп кысымдар болду таризде пикирин билдирип чыкты. Эмне болгон күндө да, ошончо окуя менен ошол жерде олтуруп турушу анын өзүнүн жан дүйнөсү жарды экенин гана көрсөтмөгү турган иш болчу.

Коомчулук бул окуяларды катуу сындап, ал турсун министрликтин алдына митингке чыгууга аракеттер көрүлдү. Бирок, министрликтин чечкиндүү аракеттери менен тиешелүү тарапка чара көрүлүп, митингдин уюштуруучулары менен жолугушуу болуп маалымат берилди.

Бирок, коомчулуктун кызуу талкуусуна, кыжырдануусуна карабай “жылаңач” кыздарды, аны уюштурган Жангарачева тарапты колдогон тараптардын болгондугу да кызык болууда. Алар болгондо да ЖКнын депутат айымдары болушууда. Маалыматтарга караганда алар Жогорку Кеңештин депутаты бири Аида Касмалиева болсо, экинчиси Элвира Сурабалдиева экен. Алар бул иш чара боюнча талкуу кылышып, Жангарачеванын аракеттери үчүн өз колдоолоруна кылышаарын айтышкан. Сүйлөшүүлөр орус тилинде болгон. Мазмуну өзгөрүп кетпеш үчүн, сайтка чыккан маалыматтын түп нускасын өзгөртпөй берүүүнү туура көрдүк.

– Какой позор…. В Украине по всем городам идет знаменитый спектакль «Монологи вагины», и офицеры Национальной полиции выступают и говорят о проблемах сексуального и гендерного насилия. Кыргызстан во власти мракобесов, с каждым годом все больше системного насилия, деп жазып ыйлаган быйтыкчаларды калтырган.

-Самое интересное, что все те, кто потребовал ее увольнения – тихо сидят и молчат против тех, кто ворует с бюджета. В этом смысле понятно почему страна не развивается- потому что вокруг сплошные двойные стандарты. У половины РФ чиновников, ненавидящих запад, орущих про загнивание, дети учатся заграницей. То же самое и у нас. Мы давно проиграли борьбу с коррупцией, но успешно орем на женщин. Самое интересное, что женщины в этом впереди мужчин. И насколько я заметила, про облике морале насто возмущаются те, у кого либо окружение, либо сами, не входят в разряд святых. Это типа игр с подсознанием- комплексы и чувство вины из глубины давят. Надеюсь их дочери не станут жертвами таких недалеких, и необдуманных поступков. А всем вам, дорогие эксперты, большое спасибо! Если бы не вы и ваше упорство, борьба за права женщин – то и нас, женщин – депутатов, пришедших в парламент по квотам, бы и не было.

– Коллеги, добрый вечер, только что узнала, что из-за феминалле (первая феминистская выставка в музее) хотят уволитъ Миру Камильевну Жангарачеву. Вызвали в министерство и там очень сложная ситуация. Помогли, как всегда, кырк-чоро. Можно ли что-нибудь сделатъ?

– Министр в Ташкенте. Отправила ему сообщения

– Посмотрим. Если надо, напишем публично На фб и в парламенте. Столько насилия, глупости против женщин, нет, надо уволить директора музея. Заживем. От форума женщин давайте.

– Аида, давайте письмо подпишем на имя пм. Пусть они сначала с коррупцией у себя разберутся- минсельхоз, например.

– Министр сказал. Предупреждение дадут. Мы обязаны поддержать Миру Камилъевну… деген сүйлөшүүлөр болгон.

Булак: “Факты.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 22 = 32

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: