Menu

Сооронбай Жээнбеков Жогорку сотунун төрайымы Айнаш Токбаева менен жолукту

Бөлүшүү:

Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 24-апрелде өлкөнүн Жогорку сотунун төрайымы Айнаш Токбаева менен жолукту.

Мыйзамдуу жана адилеттүү сот жүргүзүү, өлкөдө укук жана мыйзам үстөмдүгүн камсыз кылууну күчөтүү аркылуу жарандардын укуктарын жана эркиндигин коргоо боюнча иштерде Жогорку соттун ролун жана ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу маселелери талкууланды.

Мамлекет башчысы сот системасындагы коррупциялык көрүнүштөрдү алдын алуу боюнча маселелерге көңүл бурду.

Ал жарандар арасында социалдык сурамжылоолордун жыйынтыктары боюнча сот бийлигинин органдары Кыргызстандагы эң коррупциялашкан органдарга кошулганын белгиледи.

«Жарандардын мыйзамдарга жана сот адилеттигине болгон ишенимин калыбына келтирүү керек. Ошондо гана Кыргызстан өзүн укуктук мамлекет катары көрсөтө алат», – деп белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Мамлекет башчысы мамлекеттик органдардын, анын ичинде сот органдарынын негизги милдети – бул укуктун үстөмдүгүн камсыздоо жана жарандардын кызыкчылыктарын коргоо экенин баса белгиледи.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 77 + = 80

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: