Menu

Атамбаев Э. Гареев атындагы Ботаникалык бакка экологиялык залака келбесин үчүн лабораторияны куруу боюнча башка чечим иштеп чыгууну Өкмөткө сунуштады

Бөлүшүү:

Алмазбек Атамбаев Улуттук илимдер академиясынын Э. Гареев атындагы Ботаникалык багынын аймагына лаборатория куруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келерин жана ал жердеги сейрек өсүмдүктөр коркунучка кабыларын белгиледи. Бул туурасында Президенттин Аппаратынын расмий сайты жарыялады.

Мамлекет башчысынын ою боюнча, Ботаникалык бак өзгөчө коргоодогу жаратылыш аймагынын статусуна ээ болуу менен  Кыргыз Республикасынын улуттук казынасы катары мамлекеттин коргоосу алдында турат.

Өндүрүш көлөмүн оптималдаштыруу жана атаандаштыкка жарактуу айыл чарба, мал чарба азык-түлүктөрүн экспорттоо процессинде карантиндик, фитосанитардык жана ветеринарнык лабораторияны түзүү зарылдыгын эске алуу менен, Президент Алмазбек Атамбаев Э. Гареев атындагы Ботаникалык бакка экологиялык  залака келбесин үчүн лабораторияны куруу боюнча башка чечим иштеп чыгууну Өкмөткө сунуштады.

Андан тышкары Мамлекет башчысы Э. Гареев атындагы Ботаникалык бакты Улуттук илимдер академиясынын курамынан чыгарып, “улуттук” даражасын ыйгаруу менен өз алдынча илимий-изилдөө мекемесине айлантуу зарылдыгын белгиледи.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 59 = 61

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: