Menu

Кабулдагы жардыруудан кеминде 57 киши өлдү

Бөлүшүү:

Кабулда шайлоочуларды каттоо борборунда жанкечтинин жардыруусунан бери дегенде 57 киши набыт болду, 119га жакыны жараланды. Ички иштер министрлигинин маалымат катчысы Нажиб Данештин айтымында, бомба парламенттик шайлоого катышуу үчүн документтерин алууга кишилер кезекте турган жерде жарылган.

Өлгөндөрдүн арасында 21 аял жана беш бала бар. “Ислам мамлекети” экстремист уюму шииттер үстөмдүк кылган райондогу кол салуу үчүн жоопкерчиликти өзүнө алды.

Ооган президенти Ашраф Гани жардырууну айыптап, мындай окуялар “бизди демократиялык процесстерден жана максаттарыбыздан кайтара албайт” деди.

Улуттар Уюмунун Ооганстандагы жардам миссиясынын башчысы Тадамачи Ямамото бул – “экстремисттердин конституциялык укуктарынан пайдаланууну каалаган ооган жарандарын коркутуу аракеттеринин бири” деди.

14-апрелде октябрга пландалган шайлоого катыша турган добуш берүүчүлөрдү каттоо борборлору ачылгандан бери бир нече кол салуу болду.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 60 = 61

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: