Menu

“Самара-гейт”: МККнын актануусуна эч ким ишенбей жатат…

Бөлүшүү:

Эгерде кабарыңыз жок болсо, айта кетели, өткөн аптада “Kloop.kg” сайты 15- октябрдагы шайлоо учурунда добуш берүү жараяны көзөмөлгө алынышы мүмкүндүгүн ырастаган изилдөө жарыялаган болчу. Мамлекеттик каттоо кызматынын сервери шайлоочуларга таасир этүү максатында колдонулганы жазылган макала чындап эле чоң чуу жаратты.

Макалада жарандардын персоналдык маалыматтары сакталган сервер коомчулукка белгисиз “samara.kg”, кийин “mls.kg” сайттарына көчүрүлүп, бийликтин талапкеринин пайдасына иштегендиги айтылган. Бул сайттар 13-сентябрдан 13-октябрга чейин Мамлекеттик каттоо кызматынын ip-дареги менен иштегени ырасталган.

Kloop.kg сайтынын редактору Элдияр Арыкбаев “Азаттыкка” берген маегинде бул маалыматтар санарип криминалисттик IT адистерден турган Швециядагы Qurium деп аталган фондунун жардамы менен аныкталганын билдирген: “Биз suppermariol” деген активисттен келген маалыматты өзүбүз да кайра текшерип чыктык. Анын негизинде samara.kg менчик сайты өлкөнүн негизги, маанилүү өкмөттүк серверинде иштеп жатканын текшерүүгө мүмкүн болду. Бизге suppermariol2нын айтымында, ал samara.kg сайтын шайлоо алдында бузуп салган. Муну байкагандар серверди mls.kg доменине алмаштырып коюшкан. Экинчиден, samara системасы кандайдыр бир негизде бийликчил партиянын талапкери менен байланышта экенин макалада белгилегенбиз. Бул иликтениши керек, терең иликтөө демилгеси көтөрүлүшү керек. Мамлекет эле эмес, жарандык активисттер, журналисттер ушуну ме­нен алектениши зарыл. Анткени биздин жеке маалыматыбыз коркунучта”.

Мамлекеттик каттоо кызматы аталган макаланы “калп” атап, “Kloop.kg” сайтынан өчүрүп таштоону талап кылган. Бирок, “Kloop.kgнин” жетекчилиги баары документалдуу түрдө ырасталып турганын айтып, баш тарткан. Ушундан улам, МКК аталган сайтты сотко берүүгө камынууда. Коомчулукта “Самара-гейт” катары белгилүү болгон бул чыр кандай аяктайт, белгисиз. Аталган “samara.kg” сайты мурдагы Маммүлк министри Учкунбек Ташбаевге таандык болуп чык-ы жана учурда килем жуучу компаниянын сайты катары кызмат көрсөтүүдө.

Булак: “Майдан.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 39 − = 36

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: